Ар бир үйдө мүрөк суу: «Бай-Түшүм жана Партнерлор» суу боюнча долбоорлору

19.04.2013

 «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы 2013-жылдан тартып Кыргызстандын аймактарындагы эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири – иче турган таза сууга жана ирригациялык системаларга жетүүнү чечүүгө активдүү көмөктөшө баштады. Жакында эле Ош областында «Бай-Түшүм» банкы тарабынан каржыланган суу долбоорлорунун бири ишке киргизилди. Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылында суу менен камсыздоо системасы толук оңдолуп бүттү, ал ушул айылда жашаган 580 үй-бүлөгө, ошондой эле, мектеп, бала-бакча жана фельдшердик-акушердик пункту сыяктуу социалдык объектилердин иче турган таза сууга жетүүсүн камсыз кылды.

Коомчулуктун алдында бизнестин социалдык жоопкерчилиги – Кыргызстандагы көпчүлүк ири компаниялардын философия бөлүгү болуп эсептелет. Алардын катарына «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы да кирет. Корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча программанын чегинде, 2012-жылы Банктын Директорлор Кеңеши, Кыргызстандын аймактарындагы элдин жашоо-турмушун жакшыртууга 10 миллион сом бөлүп берүү тууралуу чечимин кабыл алган.

– 2012-жылы социалдык долбоорлорго жана кайрымдуулукка Банк баардыгы болуп 3,76 миллиондон ашык сом жумшады. 2013-жылы «Бай-Түшүм жана Партнерлор» башталган долбоорлорду ишке ашырууну улантат, азыркы учурда жаңы долбоорлорду тандоодо. «Быйылкы жылы биздин башкы артыкчылык – аймактарда иче турган таза сууга жетүүнү камсыз кылуу» – деп түшүндүрдү «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева.

2013-жылды суу долбоорлорун иштетүүгө арноо менен Банктын жетекчилиги мамлекеттик миссияны өзүнө алды.

– «Бүгүнкү күндө айыл тургундарын суу менен камсыздоо, республикадагы башкы көйгөйлөрдүн бири болуп калып келет. 2013-жылы Банк, ирригациялык системага жана иче турган таза сууга жетүү боюнча жаңы долбоорлорду пландаштырат. Ушуга окшогон ар бир долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу стратегиялык мааниге ээ, себеби, иче турган таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорго инвестициялоо менен биз аймактардагы элдердин саламаттыгына, бакубат жашоосуна жана алардын турмуш шартынын сапатын жогорулатууга инвестиция жасайбыз да» – деп айта кетти Гульнара Шамшиева.

Ошентип, Ош областынын Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылында иче турган таза суу менен камсыз кылуу боюнча акыркы долбоордун чегинде Банк жаңы суу түтүктөрүнүн курулушуна инвестициялады, себеби ал 40 жылдан бери иштеп келген, жана толугу менен иштен чыккан. Анын ачылуу аземинде, айылдын жашоочулары суу алыш үчүн элдер мурда коңшу айылдарга барып суу алууга туура келгендигин, ал эми жазында жана күзүндө чарбалык керектөөлөр жана тамак-аш даярдоо үчүн арыктан аккан сууну колдонушкандыгын жергиликтүү жашоочулар айтып жатышты. Кир сууну колдонуу ден соолукка, өзгөчө балдардын саламаттыгы үчүн кандай коркунуч алып келээрин айтпасак да түшүнүктүү.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» бул долбоорго 1,28 миллиондон ашык сомду бөлүп берген, жана бул долбоор акыркы долбоорлордон эмес. Жакын арада Баткен областындагы төрт айылды камтыган Котормо айыл аймагында ирригациялык системаны оңдоо аяктайт.

Жергиликтүү жашоочулардын айтуусу боюнча, аймакта 780 чарба бар, алар 185 гектар айдоо жерлерин иштетүү менен айыл чарбанын эсебинен жашап келишет. Тилекке каршы, ирригациялык системасы бузулган абалда болгондуктан, баткендиктер түшүмүнүн орчундуу көлөмдөрүн жоготушкан. Аны оңдоого Банк тарабынан 560 миң сом бөлүнүп берилген, азыр болсо, айыл жашоочулары бай түшүм алаарына үмүттөнүшүүдө, себеби аны менен бир нече жүздөгөн үй-бүлөлөрдү багууга болот эмеспи.

Нарын областынын Кочкор районунун Кум–Дөбө айылында 6000ден ашык адам жашайт. Суунун жетиштүү көлөмдө болбогондугунан айылдын жашоочулары жыл сайын түшүмдүн көпчүлүк бөлүгүн, болжол менен 200 тонна буудай жана 600 тонна картошка ала албай калышат. Айылдын (суунун келишин көбөйтүү үчүн кошумча насосту орнотуу менен) ирригациялык системасын оңдоо үчүн жергиликтүү коомчулукка Банк 2012-жылы 900 миң сом бөлүп берген. Суу 2013-жылдын апрель айынан тартып бериле баштайт.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын жетекчилиги, социалдык долбоорлорду жана демилгелерди каржылоо, ошондой эле кайрымдуулук иш аракеттер, булардын баары жарандардын банктарга карата болгон ишенимин жогорулатууга көмөктөшө тургандыгына, Кыргызстандагы социалдык стабилдүүлүктүн, туруктуу өнүгүүнүн жана элдин бакубат жашоосунун деңгээли менен тыгыз байланыштуу жана ушуларга жараша мекенибиздин бизнесинин келечектүү болооруна ишенет.

Өткөн жылы Банк экономикалык потенциалды, аймактардын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана балдар мекемелерин колдоого көмөктөшө турган долбоорлорду иш жүзүнө ашырды.

2012-жылдын долбоорлору

Төрт долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды.

• Чүй областынын Панфилов районунда “Сейтек” бала-бакчасы жабдылды. Жабдуулар 300 миң сомго сатылып алынды.

• Чүй областынын Киргшелк айылында “Келечек” аттуу реабилитациялык борборунда, жарым миллионго жакын сомго канализацияны жана жылуулук берүү системасын оңдоо жүргүзүлдү.

• Жалал–Абад областынын Багыш айылында, жазгы селдердин жүрүүсунөн жапа чеккен №33-мектепке Банк 322 миңден ашык сом бөлүп берди – ага мектептин полдору оңдолду, учурмасы жана потологу кайрадан оңдолду, мектептин короосуна асфальт төшөлдү жана жылыткычтар алмаштырылды.

• Талас шаарында 360 үй-бүлө жашоочу көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда 200 миң сомго балдар аянтчасы курулду.

««Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы» Жабык акционердик коому, Кыргыз Республикасынын рыногунда микрофинансылык уюм катары жүргүзгөн иш-аракеттеринин 12 жылдык ийгиликтүү тажрыйбасы бар. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азия боюнча биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ долларлык активдери менен КРдин эң ири үч микронасыялык уюмдарынын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет жана банктык продукттарды жана кызматтарды көрсөтүүнү, ошондой эле стабилдүү өсүүнү, жаңы финансылык чечимдерге жетүүнү камсыз кылуу максатында, 30 миңге жакын кардарларды тейлейт.