«Бай Түшүм» Банкы  Эл аралык «Оймо-2015» Фестивалынын демөөрчүсү болду

31.07.2015

Бишкекте Борбор Азиялык ассоциациянын Ресурстук борборунун  демилгеси боюнча Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү CACSARC-kg, колдоо максатында Борбор Азиялык “Оймо-2015” Х эл аралык кол өнөрчүлүктүн  жана маданияттын фестивалы старт алды. «Бай Түшүм» Банкы  финансылык колдоо көрсөттү жана фестивалдын демөөрчүлөрүнүн бири катары анын ишине зор салымын кошту. Максаты—улуттук кол өнөрчүлүктү жана искусствону сактоо жана өнүктүрүү, маданий салттарыбызды муундан муунга өткөрүүнү камсыз кылуу  болуп эсептелет.

«Эл ралык «Оймо» фестивалынын алкагында Улуу Жибек Жолунун уландысы катарында ар кайсы мамлекеттерден келишкен 150дөн ашуун кол өнөрчүлөр атайын тигилген чатырлардын текчелерине өздөрүнүн продукцияларын коюшту. Бул Фестивал Кыргызстандагы кол өнөрчүлүк рыногун  өнүктүрүүнүн, муундан-муунга өтүп келе жаткан салттарыбыздын кайрадан жаралуусунун жана маданий мурасыбызды сактоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү. Дал ушул себептен улам «Бай Түшүм» Банкы  эл аралык «Оймо» фестивалын өткөрүүнү кубануу менен колдоого алды» ,-деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева

Жыл сайын өтүүчү бул фестивал Кыргызстанга Борбор Азиянын, Орусиянын, Түркиянын, Индиянын, Ооганстандын жана Кытайдын кол өнөрчүлөрүн чогултту. «Оймонун» уюштуруучулары Кыргызстандыктардын назарына  кеңири программаны сунуш кылышты.

Фестивалдын биринчи күнү эле Бишкектеги эски аянтта бардык меймандарга жана катышуучуларга кыргыздын улуттук тамак-ашы, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнө жана мастер-класстарына  баруу сунушталды. Мисалы, айнек жана карапа бетиндеги жазуулар, токуучулук, кийизден аксессуарларды жасоо жана сайма саюу сыяктуу кол өнөрчүлүктүн түрлөрү сунушталды.

Аянтта ар кандай түстөгү чатырлардын алдында маданияттардын жана салттардын ар түрдүүлүгү бириктирилди. Бишкектиктер жана борбордун меймандары кол өнөрчүлөрдүн буюмдарына баа берүүгө жана сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты: Кыргызстандын жана Өзбекстандын карапачылары керамикадан, кийизден жана жибектен жасалган өздөрүнүн буюмдарын, казакстандык жана таджикстандык усталар ювелирдик жасалгаларын жана улуттук саймаларын сунушташты. Мындан башка да ирандык куурчактар, индиялык жасалгалар жана башка көптөгөн буюм-тайымдар фестивалга коюлду.

Ушул эле учурда элдик кол өнөрчүлөр өз товарларын сатып-өткөрүү менен эле чектелбестен, фестивалга келишкен эң кичинекейлер үчүн театрлаштырылган оюндарды да коюшту. Мындан башка да ондон ашуун мамлекеттерден келишкен фестивалдын коноктору Чүй проспектиси боюнча уюшкан марш менен басып өтүштү. Фестивал 3-августан баштап, 9-августка чейин Ысык-Көлдө, Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.

Тактама маалымат:


«Оймо”
 – Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан  эл аралык маданий  фестиваль. Ал салттуу түрдө июль айынын аягында Бишкек шаарында жарманке катары ачылат. Август айынын аягына чейин анын иш-чаралары Ысык-Көлдүн жээгинде, Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.