Банк «Бай Түшүм». Чакан жана орто бизнес үчүн «кайра жандыруунун» үч ыкмасы

12.02.2018

Кандай гана бизнес болбосун каражат талап кылат. Эгерде ири компаниялар үчүн мүмкүнчүлүктү табуу жеңил болсо, а чакан жана орто бизнестегилер үчүн бул татаал маселе болуп эсептелет. «Бай Түшүм» банкы бул жагдайдан чыгуунун жолун тапты. Эми мындан ары бизнесмендер насыяны тез жана ашыкча түйшүксүз ала алышат.

Насыя сөзсүз берилет!

Насыяны алууда ишкерлер үчүн эмнелер маанилүү? Биринчи кезекте – насыя сөзсүз бериле тургандыгына ишеним жана анын тез арада берилиши. «Бай Түшүм» банкында өткөн жылдан бери бизнес-кардарлар сезилээрлик артыкчылыктарга ээ болуп жатышат. Бизнес-сегменттегилер үчүн мындай продуктулардын бири болуп, 6 айга каттала турган финансылык-лимит эсептелүүдө.

     Финансылык лимитти АКЫСЫЗ каттоо менен, кардарлар зарыл болгон учурларда каражатты оңой ала алышат жана келечектүү долбоорлорго мүмкүн болуучу инвестициялардын кубатууу көлөмү боло тургандыгын дайыма билип турушат.  

Финансылык лимиттин алкагындагы насыяларды берүү 1-2 күндүн аралыгында, кошумча талдоолорсуз жүргүзүлөт. Ошондуктан банктын кардарлары бизнес-мүмкүнчүлүктөр же идеялар пайда болгон учурда, банктын колдоосуна таянышса болот жана өздөрүнүн өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дайыма артыкчылыктарга ээ боло алышат. А эң башкысы финансылык лимитти бекитип алуу – акысыз.

Пайдалуу овердрафт

«Бай Түшүм» банкынан чакан жана орто бизнес үчүн кызыктуу продукт болуп – овердрафт эсептелет. «Бай Түшүм» банкында ишкерлер үчүн ал дагы да пайдалуураак болуп калды. Бул продукт каржылоодогу кыска мөөнөттүү муктаждыктарды жабууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мында натыйжасыз пайдаланылган каражат үчүн ашыкча төлөөлөрдүн кереги жок. Төлөм пайдаланган күндөр үчүн гана жүргүзүлөт.

Мисалы, Сиз сатып алган товарыңыз үчүн тез арада төлөөгө тийишсиз, же  Сизде товарды жеңилдетилген баада пайдалуу алуу мүмүкүнчүлүгү пайда болду, Сиз банктын колдоосуна таянсаңыз болот: банк Сиздин сатып алууңузду каржылап берет. Мунун баары ошол замат жана пайдалуу түрдө болот. Мында күрөө коюунун жана документтердин узун тизмесинин эч бир кереги жок.

Банк бизнести тейлөөгө жекече жана комплекстүү мамиле кылат  

«Ишенимдүү финансылык өнөктөш катары «Бай Түшүм» банкын тандоо менен, бизнес-кардарлар финансылык пайдалуу жана ыңгайлуу чечимдер менен коштолгон жекече жана комплекстүү мамилелер тейлөөсүнө ээ болушат. Мындан тышкары, туруктуу кызматташуу сакталган учурда, банк жекече тарифтерди карап чыгууга дайыма даяр», —деп белгиледи «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын мүчөсү, сатуулар башкармалыгынын башчысы Канат Курманов.

Иштеген адамга ыңгайлуу, бухгалтерге пайдалуу

Бизнестин ыңгайлуугу үчүн банкта сунуш кылынуучу тейлөөлөрдүн дагы бири – бул айлык маяна долбоорлору. Ушул тейлөөнүн аркасында уюмдардын бухгалтерияларында жүргүзүлүүчү кассалык операциялардын жүгү азаюуда. Буга кошумча төлөмдөрдүн коопсуздугуна жана конфиденциалдуулугуна кепилдик берилет.

«Бай Түшүм» банкынын айлык маяна долбоорлору бухгалтерлердин ишин жеңилдетет. Себеби, банкка төлөм көрсөтмөсүн жана кызматкерлердин эсебине чегерилүүчү сумманын тизмесин берүү менен, айлык маянаны бирдиктүү төлөм жолу менен чегерүү мүмкүнчүлүгү сунуш кылынат.

     Мындан тышкары уюмдун соцпакетине жакшы кошумчалар да бар. «Бай Түшүм» банкында карт-эсебинде минималдуу калдык 1 миң сомдон кем эмес болгон учурда кызматкерлердин эсебине жылдык 3-5 пайыз чегерүү каралган.  

Буга кошумча, интернет-банкингди колдонуу менен бардык операцияларды сутка боюу жүргүзүүгө болот. «Бай Түшүм» банкында интернет-банкингке туташуу АКЫСЫЗ.  Интернет-банкинг кардарларга өз эсептери боюнча калдыктарга көз салууга, Кыргызстан сыяктуу эле чет мамлекеттерге акча которууларды жүргүзүүгө, пластикалык картаны, депозитти толуктоого жана пайдалуу курс боюнча валюталарды алмаштырууну жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Байланыш борборунун телефондору: (0312) 905 805

11:03, 09 февраль 2018, Бишкек – ИА «24.kg», Татьяна КУДРЯВЦЕВА