«Бай Түшүм» банкы Баткен облусунун Администрациясы менен биргеликте Баткен шаарында спорттук жарыш өткөрдү

30.08.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 30 августунда биз Баткен облусунун Администрациясы менен биргеликте Баткен шаарында Көз карандысыздык Күнүнө жана шаардагы борбордук көчөнүн ачылышына арналган спорттук жарыш өткөрдүк.

Бул иш-чарага Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, губернатордун орун басары Алишер Абдрахманов жана биздин банктын Баткен филиалынын менеджеринин орун басары Шайыбек Сатыбалдыев катышты.

Жарыштын төрт жеңүүчүсүнө жана 61 жаштагы эң улуу катышуучусуна кроссовкалар тапшырылды. Ал эми жарыштын биринчи жеңүүчүсүнө  спорттук форма жана  кроссовка берилди.

Биздин Каракол шаарындагы филиалыбыз эртең Караколдо абдан кызыктуу жана көңүлдүү боло турган велопарад өткөрө тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

48,648,148,548,8