«Бай Түшүм» банкы Талас облусунда өткөн тегерек үстөл кеңешмесинин ишине катышты

04.04.2017

29- мартта Талас шаарында «Айылдык конок үйлөрү—Талас облусундагы туризмди өнүктүрүүнүн келечектүү багыты» темасына арналган тегерек үстөл кеңешмеси болуп өттү.  Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча   Эл аралык уюмдун жана Эл аралык кызматташтык боюнча Швейцариялык бюронун колдоосу алдында КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте «Мекендештер» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган.Тегерек үстөл кеңешмеси кичи жана орто бизнести колдоо боюнча иш-чараларды талдоо маселеси, жаңы жумушчу орундарын түзүү жана Талас облусунун туристтик жагымдуулугун арттырууга өбөлгө болуучу сервистик тейлөө тармагында жергиликтүү коомчулуктун техникалык кубаттуулугун көтөрүү багыты боюнча болду.

Тегерек үстөл кеңешмесинин ишинде банктын Талас облусу боюнча филиалынын менеджери Тилек Тажиканов «Ишкер-аялдар үчүн каржылоого жетүүнү кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү» деген аталыштагы презентациясы менен чыгып сүйлөдү. Анда Тилек Тажиканов: «Ишкер-аялдарды колдоо «Бай Түшүм» банкынын ишмерчилигиндеги өзгөчө багыт болуп эсептелет. Азия Өнүктүрүү банкы менен биргеликте Талас облусунда аялдар бизнесин колдоо үчүн  ишке киргизилген ийгиликтүү долбоорлордун бири болуп кошумча нарк чынжырчасы боюнча ишке берилген долбоор болду. Долбоор алынган сүттү сүт иштетүүчү заводго өткөрүп турууну болжоо менен  сүт багытындагы уйларды сатып алууну каржылоону караган. Бул долбор фермерлерге өз ара пайдалуу туруктуу экономикалык мамилени өнүктүрүү менен бирге өндүрүлгөн сүттү пайдалуу баада сатып өткөрүүгө кепилдик берүүчү жана малдын башын көбөйтүүгө жана жакшыртууга, саалган сүттүн өлчөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзгөн эң жакшы долбоор болгондугун белгилегим келет» деп айтты.

Тегерек үстөл кеңешмесинин жүрүшүндө көргөзмө да болуп өттү, анда банктын стенди эң кызыктуу стенддердин бири болду.