“Бай Түшүм” – (mPos) инновациялык мобилдик терминиалдарды орноткон жалгыз банк

27.03.2019

“Бай Түшүм” банкы бүгүн өлкө базарында (mPos) инновациялык мобилдик терминиалдарды орноткон жалгыз банк десек болот. Бул мобилдик терминалдын артыкчылыктары чоң, өзгөчө соода түйүндөрүндө ыңгайлуу, терминалды таксиде, көчөдө, товарларды жеткирүүдө, каалаган жерлериңизде колдоно аласыз. Бул үчүн жөн гана интернет керек. Белгилегендей mPOS мобилдик терминалы POS-терминалына салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ. Мисалы оператор товар жыйындысын чыгара алат жана аларды тиркеме аркылуу эсептей алат, веб сайттагы жеке кабинетте аткарылган операцияларды көрүүгө болот, чектин көчүрмөсүн сактап жана аларды электрондук дарекке жөнөтсө болот.

Соода-өнөржай палатасы белгилегендей, мындай терминалдарды орнотуу жана ишке киргизүү ишкердик үчүн өтө маанилүү, бул калктын акчалай эмес карта аркылуу төлөм жасоосуна түрткү берет.

«”Бай Түшүм” банкы орнотуп жаткан (mPos) терминалдары соода түйүндөрүндө гана эмес чакан дүкөндөрдө, сулуулук салондорунда келечекте өтө чоң суроо талапка ээ болот деп эсептейм. Жыйынтыгында бул накталай эмес төлөмдөргө өтүүнүн көлөмүн көбөйтөт. Накталай эмес төлөмдөрдө сатуудан сатып алуучудан салык алынбайт. Азыркы учурда мындай шарттар менен туруктуу түрдө чакан соода жайлары колдоно албайт. Бирок “Бай Түшүм” банкы орнотуп жаткан (mPos) мобилдик терминалы аркылуу бул мүмкүн. Банк мындай инновацияны чыгарып жатканына мен кубанычтуумун», – деп белгилейт, соода-өнөржай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев.

Бирок бул аягы эмес. «Ковер-самолет» жеткирүү кызматы өзүнүн кызматтары үчүн “Бай Түшүм” банкынын (mPos) терминалын колдонот. Мобилдик терминалды каалаган адам колдоно алат, ага банк кардары болу шарт эмес. Кызматты VISA жана Элкарт төлөө картолары аркылуу төлөөсө болот.

“Ковер самолет” кызматтын колдонгон кардар, ар бир жеткирүүдө үнөөмдөй алат.