«Чакан бизнес – ийгиликке карай жолдо» инвестициялык форумунун ишине катышышты

31.05.2019

Форумга КРнын Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, Швейцариянын КРдагы элчиси Вероник Ульманн, КРдагы Европалык Биримдиктин Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу боюнча бөлүмүнүн Башчысы Шарлотт Адриэн, ЕБРРдин Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн, алдыңкы банктардын  топ-менеджменти, бизнестин жана консалтингдик компаниялардын өкүлдөрү катышышты. Иш-чарада Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин келечегине жана анын кыйнчылыктарына, финансылык жабдууларга жетүүгө байланышкан маселелер жана ошондой эле Чакан жана Орто бизнести (МСБ) чыңдоо үчүн техникалык жана кеп-кеңештик колдоолорду көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу маселелер талкууланды.

Пленардык дискуссиянын алкагында Максатбек Ишенбаев азыркы учурда КМШ мамлекеттеринде банктар Чакан жана Орто бизнес менен тыгыз байланышта иштешип жатышкандыгын белгиледи. «Мисалы, Украинадагы көпчүлүк банктар бизнесмендерге $200 миңге чейин онлайн-насыяларын күрөөсүз түрдө, 24/7 тартибинде беришет. Бизнес чындыгында эле бир шилтем (клик) менен эле $200 миң ала алат. Мына ушундай программалар бизде, Кыргызстанда да иштеп кетиши үчүн санариптештирүү боюнча программаны ишке ашырууну улантуу керек, «Түндүк» тармагын колдон келишинче тезирээк ишке берүү зарыл».

Башка өлкөлөрдө банктардын насыяны берүү жөнүндө тезирээк чечим кабыл алуу үчүн, алардын Чакан жана Орто бизнес тармагын социалдык төлөмдөр, салык төлөмдөрү жана башка параметрлер аркылуу  изилдеп чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар, ушул себептен алар насыяларды тез арада бере алышат.

«Мына ошондой ыкманын аркасында банк насыя жөнүндөгү чечимди тез арада кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.  Бизнесменге түз эле e-mail почтасына ашыкча убарасы жок эле эртең банкка келип, $200  миң алса боло тургандыгы жөнүндөгү кат келет. Эгерде Бизнесменге андан көбүрөөк сумма керек болсо, анда кеңсеге келип арыз толтуруп, күрөөнү көрсөтүп коюу керек. Арыз колдоого алынгандан кийин ал керектүү сумманы ала алат.

Эгерде $200 миң жетиштүү болсо, анда банк картасына которуу жолу менен насыя  берет. Мен мындай ыкма бизге да жакын арада келет деп ойлойм. «Бай Түшүм» банкы бул багытта иштеп баштады»,- деп түшүндүрдү биздин банктын Башкармалыгынын Төрагасы.