«Бай Түшүм» банкынын топ-менеджерлери Түркияда өтүп жаткан «Микрофинансылоодогу санариптик технологиялар» конференциясына катышууда

30.05.2019

Биздин банктын Топ-менеджерлери —  https://www.baitushum.kg/ru/about/management/ башкармалыктын мүчөсү/Финансылык директор Касмахунова Амина Алиевна жана башкармалыктын мүчөсү, Техникалык директор Исакова Гульзина Абыловна Түркүияда өтүп жаткан Микрофинансылык Борборлордун жыл сайын өтүүчү «Микрофинансылоодогу санариптик технологиялар» конференциясына катышышты.

Иш-чарада финансылык сектордо санариптик технологияларга өтүүнүн  практикалык аспекттери каралды, бул рыноктун  учурдагы тенденцияларына тематикалык жактан изилдөөлөр жана талдоолор жүргүзүлдү.

Аgile ыкмасы боюнча тематикалык баяндамалар, персоналдардын санариптик компетенциясын жана кардарлардын санариптик тажрыйбасын өнүктүрүү, насыялык эмес санариптик продуктулар,  санариптештирүү стратегиясы боюнча, тобокелдиктерди башкарууну дижитализациялоо боюнча тематиклык баяндамалар өзгөчө кызыктуу болду.

Алар алган жаңы тажрыйбаны үйрөнүү үчүн биз өзүбүздүн кесиптештерибизди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.