17- июнда Бишкекте банкирдин мектебинин 5- агымы старт алды

18.06.2019

Биздин банктын Башкармалыгынын мүчөсү жана бизнес-директор Ирина Валентиновна Ким https://www.baitushum.kg/ru/about/management / банкирдин мектебинин жаңы агымын ачып жатып, бир кезде өзү кантип практикадан жана стажировкадан өткөндүгүн, банкка биринчи жолу кантип келгендигин эскерип өттү жана банкка билим деңгээлдерин көтөрүп жана жаңы тажрыйба алуу үчүн  келишкен жаш адистерге ийгиликтерди каалады.

Бул агым буга чейинки агымдардан айырмаланып турат: бул жолу биз талапкерлерди дипломдорундагы көрсөтүлгөн адистикке карабастан кабыл алдык. Негизги критерий болуп, өз карьерасын банк тармагында курууга умтулуу жана каалоо болду.

Эң мыкты бүтүрүүчүлөрдү мүмкүн ишке орношуп калуу мүмкүнчүлүгү менен «Бай Түшүм» банкында стажировкадан өтүү күтөт. Бирок баарынан мурун – практикалык иштин бай тажрыйбасына ээ болушкан банктын алдыңкы адистеринен 2 жумалык интегралдык тренингдер жана банктын кадимки иш күндөрүндөгү реалдуу шарттарда  2 жумалык практикалык тажрыйбаларды үйрөнүү.

Бул жайда өлкөбүздүн Түштүгүндөгү ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү дагы  банкта жаңы адистикке ээ болушуп жана ишке орношуп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жакында 8-июлда, «Бай Түшүм» банкынын Оштогу филиалынын базасында да Банкирдин мектебинин окуулары башталат. Сиздерди окуялардын жүрүшү менен тааныштырып турмакчыбыз. ?

#baitushum_education #baitushum_school #школабанкира #Я_банкир

#baitushum_education #baitushum_school #школабанкира #Я_банкир