Биздин кызматкерлер 16- майда ЦДС (кошумча нарк чынжырчасы) долбоору боюнча катышуучу болуп саналган Кочкор районундагы сүттү кайрадан иштетүүчү заводго барышты

18.05.2018

16-майда банктын кызматкерлери госпожа- Акматованын сүттү кайрадан иштетүүчү заводуна барышты. Заводдо «Бай Түшүм» банкы USAIDдин Агрогоризонт долбоору менен биргеликте кошумча нарк чынжырчасын каржылоону ишке беришкен болчу. Ошентип Кочкор районунун малчылары – ЦДС долбоорунун катышуучулары  – завод менен түзүлгөн келишимдин  жана сүттү өткөрүүнүн кепилдигинин негизиндеги жеңилдетилген каржылоо алууга мүмкүнчүлүк алышты, а өз кезегинде  заводдун да сырьесунун көлөмү көбөйдү

Заводдун жетекчиси госпожа-Акматова  айткандай: «Долбоор бардык катышуучулар үчүн абдан пайдалуу болду, биз өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү менен Казакстандын рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алдык. Мындан тышкары продукциябыз Бишкектин ири соода тармактарына да жеткирилүүдө».

Биздин банктын бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мубара Джамалова заводго барган учурунда: « Биздин милдетибиз фермерлерге каржылоого жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүү эле эмес, ошондой эле бүткүл процессти оптимизациялоону алдын ала караштыруу. Заводго сүттү өткөрүү учурунда бардык ЦДС боюнча, суммадан 50% фермерге накталай каражат түрүндө берилет, а калган 50%  насыяны төлөөгө жумшалат. Эгерде кардар насыяны алыста туруп төлөөнү кааласа, анда төлөмдү төлөм терминалдары, же «Мобильник Акча» электрондук капчыгы аркылуу жүргүзүүгө болот. Келечекте иштин бул схемасы ийгиликтүү болооруна ишенем»,-деп белгиледи.