«Бай Түшүм» Банкы «Жайлоодогу бакчалар» долбоорунун демөөрчүсү болду жана кичинекей кыргызстандыктарды Балдарды Коргоонун Күнү менен куттуктады 

01.06.2016

«Бай Түшүм» Банкы  балдар үйлөрүнө, асоциалдык үй-бүлөлөрдөгү балдар менен бирге социалдык жактан коргоого муктаж балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, мектеп-интернаттарга жана жаш спортчуларга  жыл сайын колдоо көрсөтүп келе жатат.

Жакшы салт боюнча балдарды коргоо Күнүнүн урматына  Банктын бардык филиалдары жалпы Кыргызстан боюнча «Жайлоодогу бакчалар» долбоорунун демөөрчүсү болуу менен бирге, кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. «Жайлоодогу балдар бакчалары» – бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун долбоору. Долбоордун максаты—жай мезгилин тоодогу жайлоолордо өткөрүшкөн малчылардын балдарына жардам берип, колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоор 5-6-7 жаш курактагы балдарга жайлоолордун өзүндө эле окуу көнүгүүлөрүнө барып, мектепке барууга даярданууга мүмкүнчүлүк түзөт.

«Биз билим берүү жана балдар менен жаштардын өсүп-өнүгүшү багытындагы долбоорлорду колдоого дайыма даярбыз. «Жайлоодогу бакчалар» долбоорунун алкагында Республикабыздын бардык облустарында жайгашкан 10 балдар бакчасына канцелярдык товарларды, окууга үйрөтүүчү китептерди жана өстүрүүчү оюнчуктарды сатып алууну Банк жалпы алганда 200 000 сомдон ашуун  суммага каржылады. Мектеп жашына чейинки курактагы балдар үй-бүлөсүнөн алыстабай туруп эле санаганды, жазганды жана окуганды үйрөнүп алышат», – деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын Башкы менеджери  Гүлнара Шамшиева.

Жайлоолордогу балдар Бакчалары июнь айынын ортосунан баштап, август айынын аягына чейин иштейт. Долбоордун алкагында жайлоолордо жашап жатышкан 600дөн ашуун бала жумасына 5 күн 3 сааттан окуу көнүгүүлөрүнө барууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары Банктын башкы офисинин кызматкерлери таттуу жана пайдалуу белектерди камдап алышып, «Келечек» Реабилитациялык борборундагы (Ысык-Ата району, Чүй облусу)  балдарды барып көрүп келишти.  Алар балдардын чыгармачылык концертине катышышты жана аларды Балдарды коргоо Күнү менен куттукташты.

Акыркы 5 жылдын аралыгында эле Банк жалпы Кыргызстан боюнча балдарга жана балдар мекемелерине 3,5 миллион сом суммасындагы кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардамын көрсөткөн.

Алардын арасында:

  • Республикалык адистештирилген Балдар үйү, Токмок шаары;
  • Жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Балдар үйү, Чолпон айылы, Кочкор району;
  • Угуусу жана көрүүсү начар балдар үчүн Мектеп-интернат, Кашкар-Кыштак айылы, Ош облусу;
  • Балдардын психоневрологиялык Үй-интернаты, Жалал-Абад шаары;
  • Кургак учукка каршы күрөшүү Борбору, Баткен шаары, Баткен облусу;
  • Асоциалдык үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн «Мээрим булагы» Балдар үйү, Түп району, Ысык-Көл облусу;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Покровка  реабилитациялык Үйү, Талас облусу;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Реабилитациялык борбор, Бишкек шаары;
  • Балдар бакчасы, Кош-Дөбө айылы, Жалал-Абад облусу;
  • Базар-Коргондогу балдар бакчасы, Жалал-Абад облусу;
  • Жетим балдар үчүн атайын мектеп-интернат, Кара-Балта шаары;
  • Үчкоргондогу балдар Үйү, Кадамжай району;
  • «Ирада» муниципалдык балдар Үйү, Каракол шаары;
  • Умарат айылындагы атайын интернат, Талас шаары;
  • Улуттук Онкология Борборунун онкогематология Балдар бөлүмү