1-декабрда саат 10:00дө Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болот

15.11.2017

Акционерлердин жалпы чогулушу Банктын башкы кеңсесинде, Бишкек шаары, Үмөталиев көч.76 дарегинде болот. Кезексиз чогулушту өткөрүүнүн максаты 2017-жылдын июнь айында күчүнө кирген «КРУБ, банктар жана банктык ишмерчилик» жөнүндөгү  КРнын жаңы кабыл алынган мыйзамына Банктын иш жүргүзүүсүн ылайык келтирүү милдети болууда.

Мына ушул негизде Банк өз Уставына жана  директорлор  Кеңешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү,  директорлор  Кеңешинин  жаңы мүчөлөрүн шайлоону мерчемдөөдө.

Чогулуштун жүрүшүндө төмөндөгү маселелер да каралмакчы:

  1. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясын түзүү.
  2. Банк «Бай Түшүм» ЖАКтын Уставынын жаңы редакциясын бекитүү;
  3. Банк «Бай Түшүм» ЖАКтын директорлор Кеңеши жөнүндөгү Жобонун жаңы редакциясын бекитүү;
  4. Банктын Уставынын жаңы редакциясынын бекитилишине байланыштуу Банк «Бай Түшүм» ЖАКтын мамлекеттик кайрадан катталуусу жөнүндө;
  5. Банк «Бай Түшүм» ЖАКтын директорлор Кеңешинин иштеп жаткан түзүмүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотуу;
  6. Банк «Бай Түшүм» ЖАКтын директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо;
  7. Банктын директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү.