1-декабрдан баштап Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович «Бай Түшүм» Банкын жетектөөгө киришти

04.12.2017

1-декабрдан баштап  Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович «Бай Түшүм» Банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын милдетин аткаруучу кызматына киришти. Максатбек Бейшенбекович банк тармагында 20 жылдан ашуун тажрыйбага ээ, анын дээрлик 17 жылын жетекчилик кызматтарда эмгектенип келе жатат, экономика багыты боюнча магистр болуп эсептелет. Ал 2000-жылдан 2004-жылга чейин «Энерго Банкты» жетектеп келген, 2004-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары кызматында иштеген. 2007-2010- жылдары «Банк Центр Кредит» ААКнын өкүлчүлүгүнүн башчысы болгон. 2010-жылдан 2012-жылга чейин «Залкар банктын» Башкармалыгынын Төрагасы болгон. 

«Бай Түшүм» Банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын милдетин аткаруучулук кызматына келгенге чейин «Аю Гарант» Камсыздандыруу компаниясы ААКнын Башкы директору болуп иштеген. Банк тармагынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович Кыргыз Улуттук университетинин экономикалык факультетин «Финансы жана кредит» багыты боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын MBA аяктаган. Мындан тышкары политология багыты боюнча магистратураны (The Graduate School of Policy Science Сайтама ш., Япония) окуп бүтүргөн. Ошондой эле Шанхай финансы университетинде (Кытай), Бириккен Веналык институтунда макроэкономика боюнча семинарда (Вена шаары, Австрия) жана Улуу Британиянын (Лондон) Борбордук банкынын окуу борборунда капитал рыноктору боюнча семинарларда окуулардан өткөн.