Шамкеев Уланбек Анарбекович

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары 

Шамкеев Уланбек Анарбекович банк тармагында 30 жылдан ашык жетекчи кызматтарда иш тажрыйбасына ээ. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп-экономика факультетин, 1996-жылы юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Уланбек Шамкеев эмгек жолун АКБ Кыргызстан Банкынын валюталык кредиттөө жана соода операциялары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп баштаган. Андан кийин ар кандай банктарда жооптуу кызматтарда иштеген. Ал АКБ Кыргызстан Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болуп иштеген мезгилде ЕРƟБ (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) микро жана чакан каржылоо программасын ишке ашыруу боюнча долбоорду жетектеген.

«РСК Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары катары Уланбек Шамкеев бардык мамлекеттик кредиттөө программаларын, анын ичинде айыл чарба, энергетика жана өнөр жай программаларын (ФСХ, ФЭИП, ФСП) ишке ашырууга активдүү катышкан. Ал ошондой эле жөнгө салуучу органдар жана башка каржы институттары менен тыгыз кызматташкан.

Уланбек Шамкеев «АКБ Кыргызстан» ААК жана «Күнтуу» ААК Директорлор Кеңештерин жетектеген. Ал ошондой эле Кредиттик маалыматты пайдалануучулардын Ассоциациясынын юридикалык жактар Бирикмесинин Директорлор Кеңешинин узак мөөнөттүү мүчөсү болгон. Уланбек баалуу кагаздар рыногун уюштуруу жана иштетүү, AAOIFI шарият стандарттары боюнча ислам банкинги, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү сыяктуу түрдүү багыттар боюнча окуудан өтүп, сертификат алган.

2023-жылдын июнь айында Шамкеев Уланбек Анарбекович «Бай-Түшүм» Банкы ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

Канивец Сергей Владимирович

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

Сергей Канивец маалыматтык технологиялар, маалыматтык коопсуздук, тобокелдиктерди башкаруу тармактарында 25 жылдан ашуун, ошондой эле банктар секторунун иш процесстерин автоматташтыруу жана модернизациялоо, банктык процессингдик системаларды өнүктүрүү боюнча жыйырма жылдан ашык тажрыйбага ээ.

2000-жылы ал И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин “Эсептөө комплекстери, системалары жана түйүндөрү” адистиги боюнча аяктаган.

Сергей Канивец өзүнүн эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында стажёрдон ИТ-менеджерге чейин көтөрүлүп баштаган, НБКР жана өлкөнүн банктык системасы үчүн ар кандай автоматташтырылган системаларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышкан. Ал ЗАО “Кыргыз Инвестициялык Банкы”, ААК “ФинансКредитБанк”, ААК “Цеснабанк” (Астана, Казакстан) сыяктуу мекемелерде ИТ-директор/маалыматтык коопсуздук боюнча директор болуп иштеп жүрүп, банктык маалымат системаларын жана маалыматтык коопсуздукту курууга чоң салым кошкон. Сергей Канивец жетектеген ЗАО “Кыргыз Республикасынын Интербанктык процессинг борборунда” (ИПЦ КР) тобокелдиктерди башкаруу, маалыматтык коопсуздук системалары жана “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемеси долбоору иштелип чыккан.

Сергей Канивец төмөнкү багыттар боюнча кошумча билим алып, сертификаттарга ээ болгон: маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасы, тобокелдиктерди башкаруу, ИТ башкаруу жана маалыматтык системаларды аудит жүргүзүү, банктык карта негизиндеги төлөм системалары, жалпы башкаруу жана долбоорлорду башкаруу.

Рамазанов Васип Дадавович

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

Васип Рамазанов банк секторунда 15 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасына ээ, анын ичинде 10 жыл ири компанияларда жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ал 2011-жылы Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин “Бизнес башкаруу” адистиги боюнча бакалавр даражасын, ал эми 2013-жылы MBA даражасын алган.

Эмгек жолун Васип Рамазанов ЗАО «Демир Кыргыз Интернешнл Банк» мекемесинде жеке адамдарга кызмат көрсөтүү боюнча адис болуп баштаган. Бул банктын ичинде ал улук менеджерликке чейин жетишип, инвестиция жана ири корпоративдик кардарларды кредиттөө багытында ийгиликтүү иш алып барып, Кыргызстанда бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырган.

Ошондой эле, Васип Рамазанов ЗАО «Альфа Телеком» (Mega) компаниясында VIP жана корпоративдик башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп, негизги кардарлар менен иш алып баруу жана башкаруу жаатындагы кесипкөйлүгүн арттырган.

Васип Рамазановдун карьерасындагы маанилүү баскычтардын бири – ЗАО «ЭкоИсламикБанк» банкы болду, анда ал 5 жыл бою Башкарманын мүчөсү кызматын аркалаган. Бул мезгилде ал Кыргызстанда Ислам Банкингин өнүктүрүүгө активдүү катышып, бул системаны өркүндөтүүгө чоң салым кошкон. Ислам Банкинги боюнча Васип Рамазановдун жогорку кесипкөйлүгүн Шариат стандарттарына (AAOIFI) ылайык алынган көптөгөн сертификаттар тастыктайт.

Мындан тышкары, ал ОАО «Коммерческий Банк Кыргызстан» (MBANK) мекемесинде бизнес өнүктүрүү боюнча жетекчи болуп иштеп, стратегиялык өнүгүү, өнөктөштүк байланыштарды оптималдаштыруу, жаңы продукцияларды жайылтуу жана банктын рыноктогу позициясын бекемдөө иштерин жетектеген.

2024-жылдын декабрь айында Васип Рамазанов «Бай-Тушум» Банкы ААКсынын Башкармасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, бул анын ийгиликтүү карьерасындагы жаңы баскыч болду.

Бейшеналиев Акматказы Айыпович
Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

Бейшеналиев Акматказы Айыпович – Кыргызстандын ири каржы институттарында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар банк тармагындагы тажрыйбалуу жетекчи.

1995-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин «Эсеп-экономикалык факультетин» аяктап, жогорку билимге ээ болгон. Кесиптик ишмердүүлүгүнүн алкагында тобокелдиктерди башкаруу, стратегиялык өнүгүү, кардарлар менен байланыш жана каржылык анализ боюнча эл аралык программалардан окуудан өткөн.

Банк секторундагы карьерасын 2002-жылы АКБ «Кыргызстан» банкында кредиттик бөлүмдө баштаган. Кийинчерээк «Залкар Банк», «Берекет Банк», ААК «РСК Банк» жана «Керемет Банк» сыяктуу банктарда жетекчилик кызматтарды аркалаган. Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарында филиалдарды башкарып, филиалдык тармакты өнүктүрүүдө, жаңы банктык продуктыларды киргизүүдө жана башкаруу процессин натыйжалуу уюштурууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен.

2024-жылдын октябрь айынан тартып «Бай Тушум» банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болуп дайындалып, банктык процесстерди оптималдаштыруу жана кардарлардын базасын кеңейтүү багытында иш алып барууда.