Ийгиликтин тарыхтары

23 марта в период с 00:30 до 05:00 будут проводится – плановые технические работы

Уважаемые клиенты! Настоящим уведомляем Вас о том, в субботу 23.03.2019 в период с 00:30 до 05:00 будут проводиться плановые технические работы на стороне ЗАО “МПЦ”. В указанный период будут наблюдаться частичные перебои в обслуживании карт Платежных Систем Элкарт/VISA/МИР. Приносим извинения за предоставленные неудобства. По всем вопросам можно обращаться  в наш Call-центр(0312) 905 805 (0777) 905 805

Андан ары окуу керек

Акция! Рады сообщить о начале акции от банка “Бай Тушум” и службы доставки “Ковер самолет”

Банк “Бай Тушум” и служба доставки “Ковер самолет” начали совместную акцию  При оплате картами VISA и Элкарт вы получаете скидку 100 сом на доставку! *Минимальная сумма заказа 1000 сом.     

Андан ары окуу керек

Боорукер Уулканды айылда баары таанышат

Компаниянын кардары Уулкан Рахматова Манас районунун Покровка айылынын бейтапканасында медицина айымы болуп эмгектенет, ошондой эле мал чарбачылык  жана тамак-аш азыктарын сатуу менен алектенет. Уулкандын жолдошу Маданият үйүндө бухгалтер болуп иштейт. Анын үч баласы, эки уул жана бир кызы бар. Кызы чоңоюп, турмушка чыккан, өзүнчө турат. А жолдошу менен эки баласы Уулканга бизнеске жардам беришет. Уулкан

Андан ары окуу керек

Тебетейлерди тигүү – каада-салттарды сактап калууга салым

Маматали Жолдошев Ош областынын, Өзгөн районунун,  Жалпак-Таш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган жана чоңойгон. Бүгүнкү күндө ал улуттук баш кийимдерди “тебетейлерди” тиккен ийгиликтүү ишкер. 1986-жылы Маматали Политехникалык институтту аяктаган жана 14 жыл куруучулар компаниясында устат болуп, андан кийин иш башкаруучу болуп эмгектенген.  1997-жылдан тартып,  ал эркектердин жана аялдардын улуттук баш кийимдерин – суусар тебетей менен норка

Андан ары окуу керек

Жаркынбүбүнүн чарбасы чоң – жагымдуу машакат

Жүзүнөн жылмаю кетпеген, шайыр Жаркынбүбү бала чагынан тартып мал чарбачылык менен алектенет. Жаркынбүбүнүн атасы  чабан болуп иштеген жана кызына үй малын кантип багуу керектигин үйрөткөн. Бала кезинде Жаркынбүбү мугалим болууну, балдарды абдан жакшы көргөндүктөн аларга билим берүүнү  каалаган.  Ошондуктан, мектепти аяктагандан кийин ал Сретенка айылындагы жергиликтүү мектепке  тарбиячы болуп эмгектенүүгө жумушка кирген. Андан кийин ал

Андан ары окуу керек

Гипариза жакшынакай жана сапаттуу кийимдерди тигет

Ашимова Гипаризанын кийим тигүү цехинде жумуш эч токтобойт. Таң эртеден кечке чейин жумуш күчөйт, Гипариза жана анын 15 жумушчусу Кытайдан импорттолуп чыккан кийимдердин сапатынан кем калбаган айымдардын жакшынакай кийимдерин тигишет. Ал тиккен кийимдер Кыргызстандын базарларында гана эмес, Казакстан менен Россияга да экспорттолот.

Андан ары окуу керек

Асыл тукумдуу жаныбарларды алуу

Кардуу тоонун кучагында Кыргызстандын легендарлуу баатырлары-Алымбек Датка менен Алай ханышасы Курманжан Датканын кичи мекени болгон Жошолу айылы жайгашкан. Жогору карай умтулган карагай жана арчалар Жошолу айылын курчап турушат. Ал айыл аркылуу таза, тунук суу агып өтөт. Жошолу айылынын жашоочулары атам замандан бери мал чарбачылык жана дыйканчылык менен күн кечирип келишкен. Биздин Компаниянын туруктуу зайымчысы– Мырзаматов Каныбек ошол айылда туулуп-өскөн. Ал эң жакшы атажана мыкты фермер. К.Мырзаматов келечекте Кыргызстандын атак-даңкын чыгара турган асыл тукум күлүктөрдү бөлүштүрүү боюнча өзгөчө иш менен алектенет.

Андан ары окуу керек

Демилгелүү Зайтунам

Кыргызстан Ысык-көлү, улуу ак кардуу тоолору, андан тышкары тоо лыжалуу базалары менен даңкталып келет. Лыжа тебүүчүлөр арасында абдан белгилүү болгон тоо лыжалык базасы Каракол шаарында жайгашкан. Ошондуктан шаарда мейманканалык бизнес жакшы өнүккөн. “Бай-түшүм жана Партнерлор” компаниясынын Караколдогу филиалындагы кардарынын бири болгон –Ходжаева Зайтунам бүгүнкү күндө Каракол шаарындагы кирешелүү мейманканалык бизнес менен алектенет. Пенсияга чыккандан кийин ал балдарынын колун карабоо үчүн алып-сатар бизнесине өткөн. Бизнестин катаал шарттары улгайып калган Зайтунамдын көп күч жумшоосуна алып барган. Бир аз капитал иштеп таап, ал Караколдон кичи бизнес ачып көрүүнү чечет.

Андан ары окуу керек

Сүйүү Абдувалиге күч жана идея бере алды

Ташмаматов Абдували, Ош областындагы Чоң-Алай районунун жашоочусу. Ал айылдаштарынын арасында айырмаланчу деле эмес. Орто мектепти аяктаган соң Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, ата-энесине каралашып, айыл чарбачылыгы менен алектенип келген өзүүн туулуп өскөн айылына кайтат. Убакыттын өтүшү менен түтүн булатып үй-бүлө күтүп, удаа удасы менен төрт баланын атасы болот. Абдували үй-бүлөнү камсыз кылуу үчүн көп акча табыш керектигин жакшы билчү. Үй-бүлөлүк кеңеште Абдували Россияга барып акча табуу чечимине келишет. Ал жакка барып, кыйынчылык менен тапкан акчасын үй-бүлөсүнө жөнөтүп турган. Бирок ал акча бала-бакырасынын күнүмдүк керектөөсүнө гана жеткендиктен. Абдували мекенине кайтууга аргасыз болгон. Келип өз бизнесин баштамай болот.

Андан ары окуу керек

Оптимист үчүн мүмкүнчүлүк

Каныбек Качкынбаев Таласта 12 балалуу чоң үй-бүлөдө туулган. Атасы колхоздо чабан болуп иштеген. Каныбек мал кароого жардам кылчу. Окуусун аяктаган соң Каныбек жарнама агенттигине сүрөтчү болуп ишке орношот. Ал агенттик ресторанды жасалгалоо иштери менен алектене турган. Ошол эле учурда ал тамеки даярдап, аны ишке ашыруу үчүн иштеп акча таба баштайт. Ал каражатына Каныбек бизнесин кой багып өстүрүп сатуу ишин баштамай болот. Каныбек бир канча кой сатып алып, аларды үй-бүлөсү жашап жаткан, курулушу бүтө элек үйдүн бир бөлмөсүнө кармайт. Ал бул иштин өтө кирешелүү, бирок кошумча каражатсыз бизнеси курулбашын түшүнөт. 2007-жылдын июнь айында Каныбек “Бай-Түшүм жана Партнерлор” микрофинансылык компаниясына кайрылган. Андан кийин Каныбек биринчи насыясын алып, койдун санын 150 башка көбөйткөн. Учурда ал “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясынын ийгиликтүү кардарларынын бири болуп эсептелет.

Андан ары окуу керек

Эмгексиз кудуктагы балыкты да кармай албайсың

Кыргыз Республикасынын экономикасы алып караганда көпчүлүк жагынан айыл чарбасына көз каранды. Ысык-Көл –уникалдуу бийик тоолуу көл болуп эсептелет. Ал жаратылыштык кооздугу, таза жана тунук суусу менен белгилүү. Жергиликтүү тургундар балык кармоо ишиндеги чоң потенциалдуулукту көрүп туруп, Ысык-Көлдөгү балыктын түрүн толтуруу менен алектенишет. Советтер Союзунун кулашы менен балык чарбачылыгынын көпчүлүк бөлүмү жана ал боюнча заводдордогу жабдуулардын эскиришинен жана акча каражатынын жоктугунан кайрадан калыптанган.

Андан ары окуу керек

Өмүргө карай ыр менен

Мурзураимова Адалат, «Кыргызбай» фермердик чарбасынын жетекчиси. Ал Кыргыз-Ата айылында (Ош облусу) сугатчынын үй-бүлөсүндо туулган. Адалат мектепти аяктары менен Тельман атындагы колхозго ишке орношкон. Советтер Союзунун кулашынан кийин колхоздор жоюлуп, иш токтогон. Ошондуктан Адалат өзүнүн колунан келген: мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенүүгө өткөн. Ал учурда чарбасында 1 уй, 8 кой эле болгон. Үй-бүлөсү 1,5 га жер иштетишчү. Адалаттын үч баласы бар. Ал балдарына жакшы билим берүүнү ойлочу. Анын үй-бүлөсүнө көп каражат жумшоого туура келчү. Бир аз убакыт өткөн соң ал кошумча акчасыз жакшы бизнес кура албасын түшүнөт. Ошентип 2002-жылы Адалат “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясына 60 000 өлчөмүндө насыя алуу үчүн кайрылат. Алынган акчага мал, ошондой эле картошка жана жүгөрү өстүрүү максатында ижарага жер алат.

Андан ары окуу керек

Кайраттуу мүнөз кыялды орундатууга жардам берет

Дербишалиева Бурулбүбү Талас областында туулган. Айылда аны баары эмгекти сүйгөн, чынчыл аял заты катары билишет. Өз учурунда ал «Россия» колхозунда чабан болуп иштеген. Ар бир таңда ал малын жакын жайгашкан тоого айдап жиберип, кечкисин кайра айылга айдап түшчү.

Андан ары окуу керек

Өзү жараткан жомок

Таалайбек Гаипбердиев журналисттин үй-бүлөсүндө туулуп өскөн. Ал балалык кезинде эле өзүнүн жеке куурчак театрын ачууну кыялданчу. Ошондуктан, орто мектепти аяктар замат Таалайбек достору менен райондук Маданият үйүндө театралдык ийрим ачат. Ошол учурда Таалайбек актер болууну чечет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал Ташкенттеги Театралдык институттун актердук чеберчилик факультетине окууга тапшырат. Таалайбек бала чагынан бери эле кийим тигүүгө кызыктар эле. Ал кийин институтта окуп жүргөндө өзүнө кийимтиге баштайт.Ал ушинтип акча тапса болорун түшүнүп, спорттук ийрим үчүн кийим тигүүгө өтөт.

Андан ары окуу керек

Тракторист-механик Мирлан Беримкулов

Мирлан Беримкулов Бишкек шаарында туулган. Ал 41 жашта. 9-классты аяктаган соң, 1985-жылы ал айылдагы кесиптик окуу жайынын Тракторист-механик адистигине тапшырат. Окуу жайды 3 жылдан кийин аяктаган соң, СССРдин Куралдуу күчтөрүнө чакырылат. 1990-жылы кызмат өтөгөндөн кийин Бишкек шаарынын Жаңы-Алыш айылына көчүп кетет. Советтер Союзу кулагандан кийин Бишкекте жумушсуздук болгон. Бул учурда айылдагы колхоздо трактористтер талап кылынган. Алган айлыгы жакшы болгондуктан, ал акча чогултуп Орловка айылынан чакан үй алууга жетишет. Ал жакка келинчегин алып барат.

Андан ары окуу керек

Минавархон Абдирахманова

Минавархон Абдирахманова 57 жашта. Анын жолдошу –фермер. Мурун ал үй-бүлөсү менен жашап кеткен Кара-суу айылында (Ош облусу) алар мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишчү. Жер жемиш, пахта өстүрүп келишкен, бирок тилекке каршы кичине тилкем жерден тапкан түшүмдүн кирешесине жашоо алда канча кыйын болгон.

Андан ары окуу керек