Билим алууга карата насыя — «Бай Тушум» Банканын жаңы продукт

25.09.2020

Урматтуу кардарлар!

Мыкты жаңылык! «Бай Тушум» банкы ЖОЖдордо, АОЖдордо, менчик мектептерде жана лицейлердеги окутуу үчүн контракттарды төлөөнү насыялоону ишке киргизди. Билим алууга каражат салуу – кандай болгон учурда дагы натыйжалуу стратегия! Балдарыңыздын келечеги же өз квалификацияңызды жогорулатууну азыртан камсыздоого болот. Насыя боюнча алынган каражаттар окуу жайынын эсептешүү эсебине дароо которулушат.

Насыя контракт үчүн салымдарды жүзөгө ашыруу зарылдыгына жараша бөлүктөр менен окутууга төлөөгө жумшалышы мүмкүн.

Насыялоо шарттары: 

  • Валютасы: сом
  • Суммасы: 10 000ден тартып 250 000 сомго чейин;
  • Насыялоо мөөнөтү: 2 жылдан 6 жылга чейин;
  • Комиссиясы: жок
  • Негизги карыз боюнча жеңилдик берилген мезгили 2 жылга чейин
  • Окутууга карата аракеттеги контракт
  • Күрөөлүк камсыздоосу: кыймылдуу мүлк/кепилчилик

Сомдордогу натыйжалуу пайыздык чени 21,99% тартып

Кененирээк маалымат бул жерде 

Биз сиздин келечегиңизге кам көрөбүз!