ВТВ 24 Мобилдик банкинги

ВТВ-24 мобилдик банкинги: жеке жардамчынын жаңы форматы!

Өз эсебиңди уюлдук телефонуңдан мобилдик банкинг менен башкар

Мобилдик банкинг деген эмне?

Бүгүн адам жана гаджеттер – ажыратылгыс нерселер. Биздин ар бирибиз үчүн мобилдик телефон, планшет, компьютер – бул жакындарыбыз менен баарлашуу дагы, көңүл ачуу дагы, күнүмдүк кам көрүүлөрүбүз дагы, жана, бул азыр таң калыштуу эмес, ишибиз дагы. Ушунун баары көп учурда көп сандаган ар түрдүү пландар, дедлайндар, жоопкерчиликтер жана бардык мүмкүн болгон күнүмдүк операциялар жана иш-аракеттер менен коштолушкан. Бакытка жараша, күн санап техника, тактап айтканда, ар түрдүү программалар жана тиркемелер, ушул милдеттерди аткарууну бизге жөнөкөйлөштүрүп турушат.

Мисалга, ошол эле мобилдик банкинг. Мобилдүүлүктүн өзү өз алдынча тез жылышууну түшүндүрүп турат (бул учурда, тапшырмадан чечилишке жана андан ары кийинки тапшырмага карай). Ал эми заманбар адамда мындай милдеттер – палоодогу күрүчтөр сымал. Бирок мобилдик банкинг тиркемеси дагы, аларды жаңгак чаккандай чыгарып турат. Мобилдик банкинг кызматы калк арасында тез популярдуу болуп бара жаткандыгы таң калыштуу эмес. «Бай Түшүм» банкы Сизге дагы ВТВ-24 мобилдик банкингинин колдонуучусу болууну сунуштайт!

Сиз мобилдик банкинг тиркемесин көчүрүп алуу менен эмнени жасай аласыз?

Коммуналдык кызматтарга, Интернетке төлөйсүз, телефон балансын толтура аласыз (мында, кандайдыр-бир комиссияларсыз). Сиз банкта ачкан бардык эсептер боюнча акча түшүүлөрдү жана калдыктары карап тура аласыз. Бир эсептен башкасына акча которосуз (өздүк эсептер ортосунда сыяктуу эле, «Бай Түшүм» банкынын башка кардарларынын эсептерине дагы). Анын жардамы менен Сиз өз төлөп карталарыңызды, жада калса депозиттериңизди дагы толуктай аласыз. Зарыл болгон учурда Сиз бир валютаны башкасына жеңил конвертациялайсыз. Анын үстүнө, Сиз жада калса валюталардын алмашып турган курсуна да көз сала аласыз. ВТВ-24, банктын бөлүмдөрүнүн жана анын банкоматтарынын картасын көрсөтүү менен Сиздин айтып берүүчүңүз жана сапар көрсөткүчүңүз болуп калат. Жана акырында, ал жоголгон же уурдатылган учурда сиздин картаны – колдоо кызматына кайрылбастан блокировкалай алат. Ушунун баары күнү-түнү жана дем алыштарсыз!

Жаңы технологиялар адамдын жана банктын өз ара мамилелериндеги жаңы форматты айтып турат, кардар үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачышат. Жана ушул мүмкүндүктөрдү жеңил гана, кезектерге туруп, нервди коротуп чарчабай пайдаланса болот.

ВТВ-24 мобилдик банкингди кантип кошууга болот?

  1. Каалаган кеңседен келишим жасоо
  2. BTB Online тиркемесинде мобилдик банкингди кошуу

ВТВ-24 мобилдик банкингди кантип жүктөө керек?

  • App Store же Google Play дүкөнүнөн тиркемени жүктөө

  • Келишимден кийин SMS  аркылуу келген – паролду териңиз. (Мобилдик банкинге киргенден кийин Сизге “Настройки” бөлүмүнө кирип, паролуңузду өзгөртүүнү милдетүү түрдө сунуштайбыз .

Урматтуу кардарлар!

Android операциялык тутумунун Android 12ден жогору версиясынын ээлери үчүн BTB24 Mobile Banking тиркемесин бул жерден жүктөп алыңыз

Көрсөтмөлөрдү аткарыңыз:

  1. Тиркемени смартфонуңузга жүктөп алыңыз (.apk)
  2. Файлды ачып, аны орнотуңуз.
  3. Көңүл буруңуз! Орнотуу учурунда эскертүү билдирүүсү пайда болот, билдирүүгө көңүл бурулбашы керек.

ВТВ-24 мобилдик банкингин кантип колдонсо болот? (Видео нускама)

Ал тургай, 400 ашуун кызматтар сиз үчүн ВТВ-24 мобилдик банкингде жеткиликтүү.

Суроолор пайда болсо биздин кесиптештерге кайрылыңыз! Биз 24 саат ичинде , майрам жана дем алыш күндөрү жеткиликтүүбүз. Байланышуу үчүн каналдар:

Эми банк Сиздин чөнтөгүңүздө

BTB-24 мобилдик банкингинин тарифтери жана лимиттери.

Дистанттык банкингге туташуу келишими (эл алдындагы оферта).