LEADER

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын кардарлары «ЛИДЕР» системасы аркылуу Россия, Украина, Беларуссия, Латвия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казахстан, Грузия, Армения, Азербайжан, Улуубритания, Испания, Монголия, Болгария, Чехия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Греция, Израиль, Италия, Румыния, Турция, Вьетнам жана башка өлкөлөргө(дөн) акча которууларды эсеп ачпастан жөнөтө жана ала алышат. Системанын географиясына дүйнөнүн 132 өлкөсү кирет.

 Бүтүндөй Кыргызстан боюнча жайгашкан Банктын кеңселеринен «ЛИДЕР» акча которууларын рубль, АКШ доллары же евро менен жөнөтө жана ала алышат. Которууну жүргүзүү убактысы 1-10 минутаны түзөт. Тарифтери багытына жараша 1,3% дан 3% чейинкини түзөт.

Негизги артыкчылыктары:

  • ЛИДЕР которуулары – ДАРЕКСИЗ, б.а. которууну алуучунун Өлкөсүндөгү Системанын каалаган пунктунан которууну алууга болот.
  • Акысыз SMS жана e-mail которууну жөнөтүүчүгө жана алуучуга которуунун жөнөтүлгөндүгү жана жеткирүү жөнүндө кардарга маалымдоо.
  • Системанын интернет сайты аркылуу ON-LINE режиминде которуунун статусуна байкоо жүргүзүү.

АКЧА КОТОРУУЛАР БОЮНЧА ЖЕКЕ ЖАКТАР ҮЧҮН ТАРИФТЕР