Аманат боюнча эксклюзивдүү акциянын жеңүүчүлөрү байгелерди алышты

08.08.2016

Аманат акциясынын жаны женүүчүлөрүнүн ысымдары аныкталды: Банк бактылуу эки кардарга жана алардын үй-бүлөсүнө Ыссык-Көлгө эс-алууга жолдомо ыйгарды, мындан сырткары эки катышуучуга заманбап сыналгы жана уюлдук телефон ыйгарылды. 24 катышуучу кепилденген сыйлыктан баш тартуу менен башкы сыйлык батирге ат салышууну улантты.

«Мен аманатты «Бай-Түшүм» банкынын Ош шаарындагы филиалынан ачтым еле, мен үчүн сактоолук менен каражат чогултуу өтө манилуу еле, бирок мени тейлеген адис акча сактоо менен бирге акциянын катышуучусу боло алаарымды айтты жана акциянын шарттарын түшүндүрүп берди. Бир нерсе утуп аламын деп үмүттөнгөн эмес болчумун, бирок мага банктан чалып куттуктап Ыссык-Көлгө эки адамдык жолдомо утуп алгандыгымды айтканда, мен аябай сүйүндүм жана сүйүнүчүмдү жолдошум менен бөлүшүүгө шаштым, ал үчүн бул жанылык чыныгы күтүүсүз сүйүнүчтүү кабар болду. Бай-Түшүм банкына кызыктуу акция жана кардырлуу белек үчүн рахмат. Мен үчүн пайдалуу менен жагымдууну айкалыштыруу мумкун болду – деп, акциянын женүүчүлөрүнүн бири Дильбаркан эжей, ыразычылыгын билдирди.

Акция 2016-жылдын 15-декабрына чейин улантыла тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Демек, «Бай-Түшүм» Банкында топтолуучу депозит ачкан жана банктын башка да тейлөөлөрүнөн пайдаланган  ар бир кардар сапаттуу сервистик кызматтан башка да баалуу белектерге: тиричилик техникасына сертификаттарга, Дубай же Таиландга эки адамдык саякатка жана Бишкектен батирге да ээ боло алат!

  • 10 000 сомдон жогору аманатты  жылдык 14% менен 12 айлык  мөөнөткө ачуу
  • Аны ай сайын толуктап туруу
  • Банктын башка кызматтарынан да пайдалануу:
    – эл аралык акча которуулар;
    – сатып алуулар жана тейлөө төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн VISA жана Элкарт банктык карталарын пайдалануу;
    – «Бай Түшүм» Интернет-Банкинги аркылуу  ГРОСС жана  КЛИРИНГ тармактары боюнча которуулар;

Алар каалаган учурда, өздөрүнөн кийинки катышуучунун пайдасына белектерден баш тартып жана кийинки этаптын жыйынтыгы боюнча белек алуу же башкы белекке ээ болуу үчүн акцияга катышуусун улантышса болот.
Аманатта 50 000 сом жана андан көп акча каражатын топтошкон акциянын бардык катышуучулары кепилденген белектерди алышат.

Кеңири маалымат биздин  сайтта: www.baitushum.kg. жайгаштырылган.