«Бай-Түшүм» Банкы эсеп ачпастан Migom эл аралык акча которуулардын системасын ишке киргизди

02.07.2013

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы Migom системасына туташуу менен өзүнүн кардарлары үчүн эсеп ачпастан акча которуулар боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.

Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн 27 өлкөсүнө Migom системасы боюнча которуулар жүргүзүлөт. Акча которууларды жүргүзүүнүн максималдуу тездиги – 1 минута. Акчаны алуучу которуу кайсы валютада жүргүзүлсө, которууну ошол валютада: АКШ долларында, евродо жана россиянын рублинде ала алат.

Эл аралык Төлөм Системасынын Migom Акча Которуулары боюнча которуу үчүн комиссия РФ рубли менен төмөнкүнү түзөт:

Маалымат үчүн:

Эл аралык Төлөм Системасынын Migom Акча Которуулары тууралуу

Эл аралык Төлөм Системасынын Migom Акча Которуулары – жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн 27 өлкөсүнө багытталган, 2002-жылдан тартып жеке жактардын акча которуулар рыногунда иштеп жаткан россиянын байыркы жана ири системаларынын бири. Системанын оператору «МИГОМ» ЖАК НКО болуп саналат (Россиянын Банкы тарабынан Эл аралык Төлөм Системасынын Migom Акча Которууларынын жана төлөм системаларынын операторлорунун реестринде «СМАРТИ»/ SMARTY төлөм системасынын опертору катары катталган, төлөм системасынын оперторунун катталган номери 0015). Система, трансграницалык акча которуулардан тышкары дагы, жеке жана юридикалык жактарга төлөм кызматтарынын кеңири спектрин (анын ичинде эл аралык банктар аралык эсептешүүлөрдү) көрсөтүү менен 450дөн ашык ата-мекендик жана чет элдик банктык жана банктык эмес түзүмдөрдү, банкоматтарды/терминалдык торлорду, агенттерди, интернет жана мобилдик банкингдердин сервистерин, электрондук капчыктарды бириктирет). Migom системасы аркылуу акча которуулардын ыңгайлуулугу жана ишенимдүүлүгү, Системанын бүтүндөй тору боюнча жыл сайын 7000000дан ашык кардарларды тарткандыгында турат. Компаниянын расмий сайты – www.migom.com

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 13 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.