«Бай Түшүм» Банкы «Айыл чарбасындагы инновациялар» программасы боюнча өз кардарларынын Израилде окуп келүүсүн каржылады

05.11.2015

28-октябрдан 4-ноябрга чейин «Бай Түшүм»  банкынын 5 кардары Израилдеги Галилея шаарындагы Эл аралык Менеджмент институтунан «Айыл чарбасындагы инновациялар-израилдик технологиялар» программасы боюнча окуп келишти. Окуу программасынын алкагында анын бардык катышуучулары айыл чарбасындагы инновациялар, ирригациялык технологиялар менен кеңири  таанышып, айыл чарба илим-изилдөө станциясына, жемиштерди иштетип жана баштыкчаларга салуу ишканасына, күнөсканаларга барышып жана тамчылатып сугаруу технологиясы боюнча ишке ашырылып жаткан сугаруу тармагын өз көздөрү менен көрүп келишти.

Банктын Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Нургүл Төрөбаева: «Банк ишкерчиликти өнүктүрүү жана колдоо үчүн бардык күчүн үрөп, өз кардарларына каржылоону жана мыкты сапаттагы банктык тейлөөлөрдү гана сунуш кылбастан, өз ара маалымат алышуу, тажрыйба алмашуу жана жаңы технологияларды пайдалануу боюнча ыкмаларды үйрөтүү үчүн бизнес-платформасын да сунуштап  келүүдө. Бул окутуу Кыргызстандын өсүмдүк жана бакча өстүрүшкөн, багбан, өз короосунда мал чарбасын кармаган өндүрүшчүлөрүнүн кубаттуулугун бекемдөө үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болду. Бул аларга ички жана аймактык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзмөкчү. Азыркы учурда Банк KyrSEFF (Өнүгүүнүн жана реконструкциялоонун Европалык Банкы, Евро биримдик) инновациялык программасы менен биргеликте энергосарамжалдуу долбоорлордун алкагында тамчылатып сугарууну каржылоону баштады. Бул долбоорлорду ишке ашырууда биздин өнөктөшүбүз KyrSEFF консултациялык жардамдарын жана энергосарамжалдуу багыттагы иштерди аяктаган соң, насыянын жалпы суммасынан юридикалык жактар үчүн 20%га чейинки, жеке жактар үчүн 35%га чейинки өлчөмдөгү гранттарды бере тургандыгын өзгөчө белгилеп айткым келет»,-деп айтты.

«Бай Түшүм» банкынын кардары Азатбек Казакбаев: «Ушул 8 күн биз үчүн абдан пайдалуу болду, биз көп нерселерди өз көзүбүз менен көрүп, таанышып жана үйрөнүп келдик. Израилдеги күнөсканаларды уюштуруунун ыкмалары чындыгында эле келечектин технологиялары деп аталууга татыктуу экен. Израилдик фермер-дыйкандардын тамчылатып сугаруу тармагынын мүмкүнчүлүгү боюнча жана фертигация-өсүмдүк үчүн керектүү болгон минералдык кошулмалардын сугат суусуна аралаштырылып берилүүсү өзгөчө кызыктуу болду. Израилден көрүп келген жаңылыктарыбызды өзүбүздүн чарбабызда колдонуп кете алсак, анда сугат үчүн керектелүүчү суунун чыгымын бир кыйла азайтуу гана эмес, негизгиси түшүмдүүлүктү алда канча  көтөрүүдө жакшы натыйжаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт»,-деп өзүнүн алган таасирлери менен бөлүштү.