Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Компания бүтүндөй Республика боюнча балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернттарында кайрымдуулук акцияларын өткөрдү

03.06.2011

Компаниянын туруктуу иштеген кайрымдуулук программасынын чегинде, балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Компания бүтүндөй Кыргызстан боюнча кайрымдуулук акцияларын өткөрдү. Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн Атай жалпы билим берүү мектеп-интернатынын жана Каракол шаарындагы областтык Балдар ооруканасын оңдоо иштери үчүн курулуш материалдары сатылып алынды жана аларга берилди, уюштурулган телемарафондун чегинде Жалал-Абад шаарынын  Психоневрологиялык үй-интернатынын от жагуу системасын оңдоого карата акча каражаттар которулду. Ошондой эле Покровка айылындагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн Реабилитациялык үй-интернатына жана Нарын шаарында Академик У. Асанов атындагы Мектеп-лицей-интернатына жардам көрсөтүлдү. Компаниянын кызматкерлери тарабынан Беловодскидеги  психоневрологиялык балдар үйү интернатынын балдары үчүн атайы концерт уюштурулган. Уюштурулган майрамдан тышкары, Компания балдар үйүнө тамак-аш жана балдар үчүн таттууларды беришти.Бул учурда дагы бир белгилей кете турган нерсе, Компаниянын кызматкерлери көңүл кош калбастан, алар иш чараларды уюштурууда, ошондой эле гуманитардык жардам чогултууга активдүү катышышты. Балдарга оюнчуктар, буюмдар жана канцтоварлар чогултулуп, аларга берилди.

Беловодскидеги  психоневрологиялык балдар үйү интернатынын Директору Светлана Такырбашова: «Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата биздин балдар үйү үчүн көрсөтүлгөн жардам жана концерт уюштургандыгыңыздар үчүн Биз Сиздерге терең жана жылуу алкышыбызды айтабыз. Сиздердин көрсөткөн боорукердиктериңиз жана кайрымдуулугуңуздар үчүн Сиздерге алкыш айтабыз. Сизге жана сиздин кызматкерлерге сиздердин кайрымдуу иштериңиздерге ийгиликтерди, ден соолук жана гүлдөп өсүүнү каалайбыз».