Топ-Менеджмент

Базаркулов Улан Аскарбекович 

Башкармалыктын Төрагасы

Базаркулов Улан Аскарбекович чакан жана орто бизнесте да, банк секторунда да 31 жылдан ашык башкаруучулук тажрыйбасына ээ.

1990-жылы Киев жогорку аскердик окуу жайынын радио байланыш факультетин, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

Базаркулов Улан Аскарбекович эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында финансист болуп баштаган, «Эсептешүү-сактык компаниясы» ААКда, «Финанс Кредит Банкы» ААК, «Айыл Банк» ААК банктарында жана Башкармалыктын Төрагасынын орун басары кызматын ээлеген. «РСК Банк» ААК Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. «Финанс Кредит Банкы» ААКда Директорлор Кеңешинин Төрагасы болуп иштеген мезгилде банк негизги финансылык көрсөткүчтөр боюнча эң жакшы натыйжаларга жетишкен.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда Базаркулов Улан пенсия төгүмдөрүн төлөө боюнча бюджеттин көрсөткүчтөрүн жакшыртууга чоң салым кошкон. Базаркулов Улан «Евразия сактык банкы» ААКда убактылуу администратор катары аманатчылардын, банктын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгын коргогон.

Базаркулов Улан  төмөнкү кошумча окуудан өткөн:“Бухгалтердик эсеп жана аудит”, Париж, Франция, “Банк иши”, Франкфурт-на-Майне, Германия, “Ички аудит”, Лондон, Англия, “Активдерди башкаруу”, Амстердам, Нидерланды, “ Эл аралык финансы, активдерди башкаруу”, Токио, Япония.

Базаркулов Улан – банк иши, эл аралык финансы, компанияны башкаруу боюнча эксперт.

Канивец Сергей Владимирович

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

Сергей Канивец маалыматтык технологиялар, маалыматтык коопсуздук, тобокелдиктерди башкаруу тармагында 25 жылдан ашык тажрыйбага жана банк секторунда бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана модернизациялоо жана банктык процессинг системаларын куруу боюнча жыйырма жылдан ашык тажрыйбага ээ.

2000-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин «Компьютердик комплекстер, системалар жана тармактар» адистигин бүтүргөн.

Сергей Канивец эмгек жолун такшалуудан баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында IT-менеджерге чейин баштап, Улуттук банктын жана өлкөнүн банк тутумунун керектөөлөрү үчүн ар кандай автоматташтырылган системаларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышкан. Сергей Канивец маалыматтык коопсуздукту, маалыматтык банк тутумдарды түзүүгө «Кыргыз инвестициялык банкы» ЖАКсында, «ФинансКредитБанк» ААКсында, «Цеснабанк» АКсында (Казакстан, Астана) IT директор / маалыматтык коопсуздук боюнча директор катары олуттуу салым кошкон. «Кыргыз Республикасынын Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКта (КР БПБ) Сергей Канивецтин жетекчилиги астында тобокелдиктерди башкаруу жана маалыматтык коопсуздук системасы курулуп, Elkart Mobile мобилдик тиркемесинин долбоору иштелип чыккан.

Сергей Канивец төмөнкү багыттар боюнча кошумча окуудан жана сертификациядан өттү: маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасы, тобокелдиктерди башкаруу, IT-менеджмент жана маалыматтык системалардын аудити, банктык карталардын негизиндеги төлөм системалары, жалпы менеджмент жана долбоорду башкаруу.

 

 

Исакова Гульзина Абыловна 

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

Гүлзина Абыловнанын банк тутумунда 25 жылдык тажрыйбасы бар. Фрунзе политехникалык институтун инженер-экономист адистиги боюнча бүтүргөн.  Эмгек жолун 1989-жылы Кыргызпромкурулушбанкында баштаган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздар бөлүмүндө экономист болуп иштеген. 1998-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономика бөлүмүнүн дилерлер тобунда жетектөөчү экономист кызматын аркалаган.

1998-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономика башкармалыгынын кайра каржылоону жана баалуу кагаздарды жайгаштырууну уюштуруу бөлүмүнүн каржы рыногун талдоо тобунун жетекчиси.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Акча-кредиттик операциялар департаментинин кайра каржылоону жана баалуу кагаздарды жайгаштырууну уюштуруу бөлүмүн жетектеген. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредиттик операциялар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2008-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каржы статистикасы жана серептөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтыруу башкармалыгынын башчысы. 2018-жылдын июль айында «Бай-Түшүм» Банкынын командасына кошулуп, Технологиялар боюнча директор кызматына, ошондой эле Банктын Башкармалыгынын мүчөсү болуп дайындалган.

Эл аралык уюмдарда жана борбордук банктарда кошумча окуудан өткөн. Ал Германияда «Финансылык инструменттер», «Экономикалык саясат жана финансылык туруктуулук», «Кредиттерди кайра каржылоо үчүн күрөө катары жеке секторго кредиттер» боюнча адистештирилген курстардын көптөгөн сертификаттарына ээ. 2006-жылы Японияда «Баалуу кагаздар рыногу» боюнча Японияда, Францияда «Финансылык деривативдер» боюнча билим алган.

Гүлзина Абыловна Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик сыйлыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ардак грамоталары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын II даражадагы төш белгиси менен сыйланган.

 

Шамкеев Уланбек Анарбекович

Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары 

Шамкеев Уланбек Анарбекович банк тармагында 30 жылдан ашык жетекчи кызматтарда иш тажрыйбасына ээ. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп-экономика факультетин, 1996-жылы юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Уланбек Шамкеев эмгек жолун АКБ Кыргызстан Банкынын валюталык кредиттөө жана соода операциялары бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп баштаган. Андан кийин ар кандай банктарда жооптуу кызматтарда иштеген. Ал АКБ Кыргызстан Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болуп иштеген мезгилде ЕРƟБ (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) микро жана чакан каржылоо программасын ишке ашыруу боюнча долбоорду жетектеген.

«РСК Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары катары Уланбек Шамкеев бардык мамлекеттик кредиттөө программаларын, анын ичинде айыл чарба, энергетика жана өнөр жай программаларын (ФСХ, ФЭИП, ФСП) ишке ашырууга активдүү катышкан. Ал ошондой эле жөнгө салуучу органдар жана башка каржы институттары менен тыгыз кызматташкан.

Уланбек Шамкеев «АКБ Кыргызстан» ААК жана «Күнтуу» ААК Директорлор Кеңештерин жетектеген. Ал ошондой эле Кредиттик маалыматты пайдалануучулардын Ассоциациясынын юридикалык жактар Бирикмесинин ​​Директорлор Кеңешинин узак мөөнөттүү мүчөсү болгон. Уланбек баалуу кагаздар рыногун уюштуруу жана иштетүү, AAOIFI шарият стандарттары боюнча ислам банкинги, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү сыяктуу түрдүү багыттар боюнча окуудан өтүп, сертификат алган.

2023-жылдын июнь айында Шамкеев Уланбек Анарбекович «Бай-Түшүм» Банкы ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.