Дербишалиева Бурулбүбү Талас областында туулган. Айылда аны баары эмгекти сүйгөн, чынчыл аял заты катары билишет. Өз учурунда ал  «Россия» колхозунда чабан болуп иштеген. Ар бир таңда ал малын жакын жайгашкан тоого айдап жиберип, кечкисин кайра айылга айдап түшчү.

СССР кулагандан кийин Бурулбүбү топтогон акчасына тоодон мал кармоочу кашар сатып алып коёт. Мына ушул кылган иши анын ишкер катары ишмердигинин башталышына негиз боло алды. 2007-жылы “Бай-Түшүм жана Партнёрлор” компаниясынын Таластагы филиалы ачылган күнү ал ал жакка барат. Компания агро насыяларды сунуштап жатканын угуп, өз ишин баштоону чечет. Ошентип 2007-жылы Бурулбүбү алгачкы насыясын кичи мүйүздүү мал топтоо үчүн алат.

Албетте, ага бул ишти жасоо оңойго турбады. Бирок үй-бүлөсү аны колдоого алгандыктан, ал колун жайып отура албады.Эки жыл ичинде Бурулбүбү насыяны төлөп бүтүп, улуу уулунун кыялын ишке ашырууга жардам берип- машина алып берген.

2009-жылдын декабрында Бурулбүбү кайрадан насыя алып, бирок мында жылкынын санын көбөткөн. Бул жолкусун насыясын төлөө менен тушкөн кирешени ал: үйүн оңдоого жана өзүнүн бактылуу жана чоң үй-бүлөсү үчүн ыңгайлуу шартта жашоо үчүн бөлмө курууга жумшайт.

ДербишалиеваБурулбүбүэмгекчилдигинен жана көктугү менен малынын санын эки эсеге көбөйтө алган. Учурда Бурулбүбү кой, эчки жана жылкы багып, мындан тышкары дыйканчылык менен да алектенип келет. Ал кайраттуу мүнөзү менен кыялындагыларды орундатууга жана жеткен жеринде токтоп калбай дагы талбай эмгектенүүдө.