
Компаниянын кардары Уулкан Рахматова Манас районунун Покровка айылынын бейтапканасында медицина айымы болуп эмгектенет, ошондой эле мал чарбачылык жана тамак-аш азыктарын сатуу менен алектенет. Уулкандын жолдошу Маданият үйүндө бухгалтер болуп иштейт. Анын үч баласы, эки уул жана бир кызы бар. Кызы чоңоюп, турмушка чыккан, өзүнчө турат. А жолдошу менен эки баласы Уулканга бизнеске жардам беришет.
Уулкан Компания менен 2009-жылдан тартып бирге кызматташып келет. Өзүнүн акыркы насыясын Уулкан айыл жергесинде аял-ишкерлерди колдоого Компания тарабынан багытталган КИВА долбоорунун алкагында жеңилдетилген пайыздык чен менен алды. Алган насыяга өзүнүн чарбасын кеңейтүү жана кирешесин көбөйтүү үчүн, ал 10 кой сатып алды. Кийинки жылы ал үйдү оңдотууну пландоодо, ага бир топ акча каражаты керектелет.
Уулкандын кичүү баласы Марлис энесинин жолун жолдоп, мектепти аяктагандан кийин медициналык академияга тапшырууну чечти. Уулкан баласынын чечимин колдойт жана баласына жакшы билим берүү үчүн киреше тапканга бизнесин кеңейтүүнү пландоодо. Анан калса, балдарды үйлөнтүү да алыс эмес, акча топтоону бугунтөн башташ керек. Ошондуктан Уулкан өзүнүн азык-түлүк менчик дүкөнүн ачууну жана чарбасын кыйла кеңейтүүнү пландап жатат.
Уулкан мүнөзү боюнча абдан так, тыкан жана боорукер аял. Эгерде андан жардам сураса, ал дайыма колунан келген жардамын берүүгө даяр, жардам берүүдөн баш тарта албаган ушундай адам. Ал сайма сайганды жакшы көргөндүктөн, бош убакыт табылса экен деп кыялданат, а бош мүнөттөр азырынча жок.