
Маматали Жолдошев Ош областынын, Өзгөн районунун, Жалпак-Таш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган жана чоңойгон. Бүгүнкү күндө ал улуттук баш кийимдерди “тебетейлерди” тиккен ийгиликтүү ишкер. 1986-жылы Маматали Политехникалык институтту аяктаган жана 14 жыл куруучулар компаниясында устат болуп, андан кийин иш башкаруучу болуп эмгектенген. 1997-жылдан тартып, ал эркектердин жана аялдардын улуттук баш кийимдерин – суусар тебетей менен норка топуларын тигүү жана аларды сатуу менен алектенет. Маматалинин жубайы аялдардын жана балдардын кийимдерин тигип, “Дордой” базарында сатуу менен алектенет.
2011-жылдын башында Маматали «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясынан суусар менен норканын аң терисин сатып алуу үчүн өзүнүн биринчи насыясын алды. Андан кийин кийим тигүүгө кездеме менен фурнитура сатып алуу үчүн экинчи насыясын алды. Маматалинин жубайы тиккен кийимдер Москва шаарынын базарларында сатылат, ал эми тебетейлер колунда бар адамдар тарабынан көбүрөөк суралып, талап кылынууда.
Маматали белгилеп кетти: «Өзүбүздүн ата-бабаларыбыздын маданиятын, үрп-адаты менен каада-салттарын сактап калууну абдан каалайм, ушул себептен сүйүктүү ишим менен алектенем. Мурун биздин ата-бабалар аң териден жасалган тебетейлерди кийишкен жана аларды сый коноктор менен кадырлуу адамдарга белекке берип келишкен. Бүгүнкү күндө ушул салт күндөн-күнгө абдан белгилүү болуп келе жатканы мени абдан кубандырат».
Үй-бүлөлүк бизнеске жубайым жана анын кичүү иниси жардам берет, Маматали 6 адамды жумуш жана татыктуу эмгек акы менен камсыздайт. Ал келечекте өзүнүн бизнесин кеңейтүүнү, аң тери тебетейлерин жана башка улуттук буюмдарды сата турган дүкөн ачууну пландап жатат.