Ташмаматов Абдували, Ош областындагы Чоң-Алай районунун жашоочусу. Ал айылдаштарынын арасында айырмаланчу деле эмес. Орто мектепти аяктаган соң Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, ата-энесине каралашып, айыл чарбачылыгы менен алектенип келген өзүүн туулуп өскөн айылына кайтат. Убакыттын өтүшү менен түтүн булатып үй-бүлө күтүп, удаа удасы менен төрт баланын атасы болот. Абдували үй-бүлөнү камсыз кылуу үчүн көп акча табыш керектигин жакшы билчү. Үй-бүлөлүк кеңеште Абдували Россияга барып акча табуу чечимине келишет. Ал жакка барып, кыйынчылык менен тапкан акчасын үй-бүлөсүнө жөнөтүп турган. Бирок ал акча бала-бакырасынын күнүмдүк керектөөсүнө гана жеткендиктен. Абдували мекенине кайтууга аргасыз болгон. Келип өз бизнесин баштамай болот.
2004-жылдын май айында ал үй-бүлөсү менен Жалал-Абад шаарына көчүп келип, соода кылууну чечет. Өзүнүн соода түйүнүн “Арзан дүкөнү”-деп атайт. Ошол учурда соода иштери жакшы жүрүп турган, бирок ал буга чейин издеп келген стабилдүүлүк болгон жок. Кандай стабилдүүлүк жөнүндө сөз болушу мүмкүн, эгер баш калкалоочу өз үйүң жок болуп турса. Үй-бүлөсү менен иштеп тапкан акчасы азык-түлүк, кийим-кечеге жана балдардын окуусуна кетип турак-жай сатып алуу үчүн каражат топтолгон жок.

Ушундай кырдаал Абдувалини “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясынын Жалал-Абаддагы филиалынын ипотекалык насыя алышына түрткү болгон.Насыя алып, ал Жалал-Абад шаарынын борборунан төрт бөлмөлүү батир сатып алган. Биринчи ийгиликтүү тажрыйбасынан кийин Абдували бизнесин кеңейтүүнү ойлонуп, 2008-жылдын март айында бизнесин өнүктүрүүгө экинчи насыя алат. Соода иштери абдан жакшы жүрүп, Ташматов Абдувалинин насыясын өз учурунда төлөөгө түрткү болгон. 2009-жылдын январь айында ал соода ишине үчүнчү насыяны алат.

Алынган каражат Абдувалинин ишинин көлөмүн эки эседен ашык көбөйтүүгө жана үй-бүлөсүнүн жашоосу жакшырышына мүмкүнчүлүк берген.