
Мурзураимова Адалат, «Кыргызбай» фермердик чарбасынын жетекчиси. Ал Кыргыз-Ата айылында (Ош облусу) сугатчынын үй-бүлөсүндо туулган. Адалат мектепти аяктары менен Тельман атындагы колхозго ишке орношкон. Советтер Союзунун кулашынан кийин колхоздор жоюлуп, иш токтогон. Ошондуктан Адалат өзүнүн колунан келген: мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенүүгө өткөн. Ал учурда чарбасында 1 уй, 8 кой эле болгон. Үй-бүлөсү 1,5 га жер иштетишчү. Адалаттын үч баласы бар. Ал балдарына жакшы билим берүүнү ойлочу. Анын үй-бүлөсүнө көп каражат жумшоого туура келчү. Бир аз убакыт өткөн соң ал кошумча акчасыз жакшы бизнес кура албасын түшүнөт. Ошентип 2002-жылы Адалат “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясына 60 000 өлчөмүндө насыя алуу үчүн кайрылат. Алынган акчага мал, ошондой эле картошка жана жүгөрү өстүрүү максатында ижарага жер алат.
Бүгүнкү күндө Адалат өзүнүн ийгиликтүү дыйкан чарбасын тургуза алган. Тогуз жылдын ичинде ал “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясынын насыясын тогузунчу жолу алган. Адалат картошка менен жүгөрү өстүрүүнү токтотпостон, 4 га жер иштетип келет. Бүгүн анын чарбасында 1 жылкы 20 кой бар. Иштеп тапкан каражатка Адалат эки жүк ташуучу автомобиль сатып алып, улуу баласына үй салып берип, кичүү кызын окута алган. Үй-бүлөсү менен мал кармап, жер иштетип, Адалат үйүндөгүлөрдөн да колдоо алат. Ал эми уулдары өсүп-бышкан продукциялардын реализацияланышы менен алектенишет.
МурзураимоваАдалат үй-булөлүк бизнесин кеңейтүүнү пландоодо. Ошондуктан мындан үч жыл мурун ал айыл чарбачылык бышып-жетилген малдын продукцияларын жана тоюттарын реализациялоо үчүн дүкөн салып баштаган. МурзураимоваАдалат эмгекчилдиги жана учурунда туура чечим кабыл ала билгендиги менен балдарына стабилдүү мыкты, өнүп-өскөн келечек күтөрүнө ишенич жарата алды. Адалат айылдын коомдук жашоосуна активдүү катышып келет. Айылда уюштурулган иш-чараларда чыгып сөз сүйлөп да калат. Өз ишмердигиндеги айымдар ийриминде ал кыргыздын элдик ырларын ырдап жүрөт. Ыр –иштин кыйынчылыгын жеңилдетип, тез аткарылышына өбөлгө түзөт.