Кыргызстан Ысык-көлү, улуу ак кардуу тоолору, андан тышкары тоо лыжалуу базалары менен даңкталып келет. Лыжа тебүүчүлөр арасында абдан белгилүү болгон тоо лыжалык базасы Каракол шаарында жайгашкан. Ошондуктан шаарда мейманканалык бизнес жакшы өнүккөн. “Бай-түшүм жана Партнерлор” компаниясынын Караколдогу филиалындагы кардарынын бири болгон –Ходжаева Зайтунам бүгүнкү күндө Каракол шаарындагы кирешелүү мейманканалык бизнес менен алектенет. Пенсияга чыккандан кийин ал балдарынын колун карабоо үчүн алып-сатар бизнесине өткөн. Бизнестин катаал шарттары улгайып калган Зайтунамдын көп күч жумшоосуна алып барган. Бир аз капитал иштеп таап, ал Караколдон кичи бизнес ачып көрүүнү чечет.
Анын кичи бизнеси ижарага алынган сауналык кызмат көрсөтүү менен башталат. Иши акырындык менен өнүгүп отуруп, табылган каражатка Зайтунам мейманкана комплексин сала баштайт.

Комплекске кафе, интернет-клуб жана сауна киргендиктен, ал ойлогон ою эң жакшы, ошону менен бирге атаандаштыкка жөндүү болгон. Ошондо Зайтунам ишти өзү жалгыз жасай албасына көзү жетип, насыя алууну чечет. Насыя берчү мекемелер боюнча зарыл болгон бардык маалыматтарды топтоп, аны менен бирге алардын “оң” жана “терс” жактары боюнча акыл калчап көрүп, акырында “Бай-түшүм жана Партнерлор” компаниясын тандап алат. 2009-жылдын декабрь айында  Ходжаева Зайтунам Компаниядан мейманкана комплексин куруу үчүн насыя алат. Ал комплексин “Тянь-Шань береке” деп атайт.

Учурдагы чоң атаандаштыкка карабастан, Зайтунам туруктуу кардарларга, аны менен бирге стабилдүү кирешеге ээ. Түшкөн каражат Зайтунамдын материалдык абалын гана жакшыртпастан, чач тарач ачууга да мүмкүндүк берген. Комплекстин кызматкерлери өз иштерине жана айлык акыларына канааттанышат.