
Таалайбек Гаипбердиев журналисттин үй-бүлөсүндө туулуп өскөн. Ал балалык кезинде эле өзүнүн жеке куурчак театрын ачууну кыялданчу. Ошондуктан, орто мектепти аяктар замат Таалайбек достору менен райондук Маданият үйүндө театралдык ийрим ачат. Ошол учурда Таалайбек актер болууну чечет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал Ташкенттеги Театралдык институттун актердук чеберчилик факультетине окууга тапшырат. Таалайбек бала чагынан бери эле кийим тигүүгө кызыктар эле. Ал кийин институтта окуп жүргөндө өзүнө кийимтиге баштайт.Ал ушинтип акча тапса болорун түшүнүп, спорттук ийрим үчүн кийим тигүүгө өтөт.
Окууну аяктаган соң Таалайбек Ош шаарындагы үйүнө кайтып, куурчак театрына ишке орношот. 1994-жылы ал Бишкек шаарына көчүп келип, балдар кийими боюнча мини-цехин ачат. Бирок ал сахналык жана карнавалдык кийимдерди чыгарып, “жомокту”дайыма өз колу менен өткөргүсү келет. Таалайбек кооз жана мыкты кийим үчүн сапаттуу кездеме жана эксклюзивдүү фурнитура керек экендигин,аны сатып алууга көп акча жумшаларын да жакшы билчү. Ошентип Таалайбек 2002-жылы биринчи жолку насыясын “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясынан алууну чечет.
Бүгүнкү күндө Таалайбек ийгиликтүү ишкерлердин катарын толуктап, өзү ойлоп чыгарган сахналык жана карнавалдык кийимдерди Кыргызстанга эле эмес, ошондой эле Россиянын жана Казакстандын дүң баада туруктуу сатып алуучуларын да тарта алган. Кийим-кечелер өтө көп түрү, эксклюзивдүү моделдери жана жакшы сапаттуулугу менен керектөөчүлөрдү өзүнө тартып келет.
Таалайбек Гайпбердиев 30 адамды жумуш менен камсыз кылды. Анда бычмачы, үтүктөөчү,беткапты чыгаруу боюнча мастерлер жана модельерлер эмгектенишет. Алардын ар бири костюмду түзүүдө аны ойлоп табуудан баштап, тигилип чыгышына чейин катышышат.
Муну менен туруктуу иш менен камсыз болгон кызматкерлер алардын туруктуу келечектери бар экендигине ишенишет. Таалайбек токтоп калбастан, сахна жана карнавал кийимдери боюнча кең демонстрациялык залы бар чакан фабрика курууну пландоодо.