
Ашимова Гипаризанын кийим тигүү цехинде жумуш эч токтобойт. Таң эртеден кечке чейин жумуш күчөйт, Гипариза жана анын 15 жумушчусу Кытайдан импорттолуп чыккан кийимдердин сапатынан кем калбаган айымдардын жакшынакай кийимдерин тигишет. Ал тиккен кийимдер Кыргызстандын базарларында гана эмес, Казакстан менен Россияга да экспорттолот.
Бул жаш айымдын үч кичинекей баласы бар. Аларга жакшы билим берип, буттарынан тургузсам деп Гипариза кыялданат, ошондуктан жаман эмес киреше алып келген жумушу оорчулукка турбайт. Чындап келгенде, кийим тигүү жумушу дайыма оор, кээде эс алмак тургай, бир күн кечке тикеден тик туруп иштөөгө туура келет жана түштөнүү эсиңе да келбей калат. Бирок, Гипариза ага кайыл, себеби жумуш түйшүктүү болсо да, ошол эле убакта абдан кызыктуу жана чыгармачылыкты талап кылган жумуш.
2006-жылы Гипариза үй-бүлөсү менен Москва районундагы Романовка айылына көчүп барган. Үйдүн бир бөлмөсүн кийим тигүү цехине ылайыкташтырып, кийим тигүүгө керек жабдууларды сатып алып, айымдардын кийимин тиге баштаган. Мурунку жылы Гипариза цехти кеңейтүү керектигин түшүндү, бирок ага кошумча каражат керек болгондуктан, ал жакындары менен досторунан көп жолу уккан “Бай-Түшүм жана Партнерлор” компаниясына кайрылган жана насыя алган.
Жакынкы аралыкта Гипариза өзүнүн бизнесин кеңейтүүнү пландоодо. Ал үчүн кийим тигүү цехине кошумча имарат куруу жана кийим тигүү машиналарын сатып алуу анан, албетте, дагы жумушчуларды алуу зарыл. Ара чолодо бошой калган учурда, Гипариза китеп окуганды жана классикалык музыка укканды жакшы көрөт.