МинавархонАбдирахманова 57 жашта. Анын жолдошу –фермер. Мурун ал үй-бүлөсү менен жашап кеткен Кара-суу айылында (Ош облусу) алар мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишчү. Жер жемиш, пахта өстүрүп келишкен, бирок тилекке каршы кичине тилкем жерден тапкан түшүмдүн кирешесине жашоо алда канча кыйын болгон.


Башка туугандарындай эле МинавархонЧүй облусуна көчүп келишет. Минавархондын үй-бүлөсү 2002-жылы үй-жайын жана малын сатып, Петровка айылына (Чүй областы) мал кармоого шарты бар короо-сарайлуу турак-жай сатып алып, көчүп келет. Келгенден бир жыл өткөн соң Минавархончарбачылыкты кеңейтүүгө, ишке орношууга мүмкүнчүлүгү болбой, кыйынчылыктарга туштугат. Бирок акырындык менен алар 1 га жерди ижарага алышып, помидор жана калемпир өстүрүү менен алектене башташат. 450 АКШ доллар өлчөмүндө алгачкы насыясын алып, Минавархонуй сатып алат. Андан кийин сүт сатып, киреше табууга өтөт. Убакыттын өтүшү менен үй-бүлөнүн жашоосу жакшы жагына ооп, анын уулу –Бахтияр ата-энесине бардык жагынан жардам берет. Ал эми Минавархонэки небересине тарбия берүү менен абдан бактылуу. Бүгүнкү күндө Минавархондын чарбасында саан уй, эки букасы жана ижарага алынган 3 га жери бар. Ал жерде өстүрүлгөн помидор, калемпир, арбуз жергиликтүү рынокто сатыкка коюлуп келет.

Минавархондын акыркы алган насыясы 2 150 АКШ долларын түздү. Ал каражатты саан уй жана аларга тоют алуу үчүн жумшамакчы. Келечекте ал чарбасын кеңейтүүнү ойлоодо, жана кыялында машина алуу бар.