Овердрафт

Бизнес үчүн овердрафт – сабаттуу экспресс-сактоо

Эмнеге овердрафт бизнес-кардарлар үчүн каалагандай кырдаалда ишенимдүү сактоочу болуп саналат?

Сизге жүгүртүү каражаттарын тез толтуруу керекпи? Кассадагы үзүлүшүүлөрдү толуктоо керекпи? Ири заказ үчүн кошумча чыгаша материалдарын сатып алуу зарыл жана мында кызматкерлерге эмгек акысын, ал эми соцфондго төлөмдөрдү кармоого болбойбу? Чакан бизнес үчүн бул көп ирет болуучу нерсе. Жана ар бир жолу анча чоң эмес насыя алуу үчүн банктарга же өнөктөштөргө «жүгүнүүгө» бара бере албайсың. Анын ордуна «бизнес-овердрафт» кызматын бир жолу кошуп алуу жөнөкөйүрөөк жана ыңгайлуураак, андан кийин зарыл болгон учурда тиешелүү каржылоону кайра-кайра ала бергенге.

«Бай Түшүм» банкы өзүнүн бизнес-кардарларына, анын ичинде жаңыларга дагы, экспресс-каржылоо үчүн максималдуу тез, натыйжалуу жана үнөмдүү аспапты сунуштайт. Бул насыя проблемаларсыз жарым миллион сомго чейин кыска мөөнөттүү максаттарга, ал дал ушул керек болгон кезде, убакытты коротпостон, күрөөсүз жана ашык төлөмдөрсүз жана жада калса адаттагы насыяларга караганда төмөн пайыз менен каржы алууга мүмкүндүк берет. Башкысы, Сиздин эсепке дайыма, айдан айга өтүп, туруктуу төлөмдөр түшүп турса болду. Жана Сизге жеткиликтүү овердрафттын суммасы тике түрдө ушул ай сайын болуучу жүгүртүүдөн көз каранды болот. Насыяны төлөө автоматтык түрдө, Сиздин эсебиңизге акча каражаттарын каалагандай которуу учурунда жүрөт (төлөө суммалары банк менен овердрафтты тариздетүү учурунда сүйлөшүлөт).

«Бай Түшүмдө» бизнес-овердрафтты тариздетиңиз – Сиздин эсепте каражаттар убактылуу жетпеген учурларда дагы шашылыш төлөмдөрү камсыздоо үчүн финансыларга туруктуу жеткиликтүүлүккө ээ болуңуз!

Овердрафтты сунуштоо шарттары:

  • аракетте болуу мөөнөтү: 6 ай;
  • пайыздык чен*: жылдык 26,9%
  • валютасы: сом;
  • сумма:  10 000дан 1 000 000 сомго чейин;

Овердрафттын максималдуу лимити:

утурумдук кардарлар үчүн — кардардын «Бай Түшүм» банкындагы эсеби боюнча таза орточо айлык насыялык жүгүртүүлөрүнөн 50% чейин;

жаңы кардарлар үчүн — «Бай Түшүм» банкына которууга милдеттүү болгон таза орточо айлык жүгүртүүлөрдөн 20% чейин;

– камсыздоосу:  кыймылсыз мүлк, автотранспорт, жабдуу, депозиттер, кепилдик.

Бизнес кардарлар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары