Жаркын Жашоо

Насыя берүүнүн шарттары:

  • валютасы: сом
  • географиясы: Ош жана Бишкек шаарларынан тышкары, баардык аймактарда
  • пайыздык чени: жылдык 19% (натыйжалуу пайыздык чен 20,62%дан жогору түзүлөт*)
  • комиссиясы: насыянын суммасынан 1%
  • суммасы: 50 000 ден 900 000 сомго чейин
  • биринчи мүчөлүк акча: 20% дан 30% чейин (менчик мүчөлүк акча катары акча каражаттар гана эмес, жер тилкесинин наркы, курулуш материалдары жана жумушчу күчү да чыга алат).
  • 30% салымды чогултуу үчүн аманат ачуу керек
  • насыялоо мөөнөтү: 1 жылдан 10 жылга чейин
  • камсыз кылуу: кыймылдуу мүлк жана кепилдик, кыймылсыз мүлк

Зайымчыга карата талаптар:

  • жашы – 18-65 жаштан эрте эмес. Насыя бериле турган зайымчынын максималдуу жашы, насыяны акыркы тындыруу мөөнөтү анын пенсиялык жашына жетүүгө чейин 1 жылдан кем эмес болуп аныкталышы керек.

Негизги документтердин тизмеси:

  • зайымчынын, зайымчынын жубайынын каттоосу менен паспортторунун көчүрмөлөрү
  • никеси жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү
  • акыркы 12 ай үчүн (андайы болсо) эмгек акысы жөнүндө справкасы (аныктамасы)
  • үй-бүлөсүнүн кирешелеринин (андайы болсо) өлчөмдөрүн тастыктоочу башка документтери
  • ишкердик иш-аракеттерин (андайы болсо) тастыктоочу документтери: патенттери, жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүгү (андайы болсо)
  • күрөөгө карата керектүү укуктарын түзүүчү документтери

Ишкерлер үчүн кошумча документтер:

  • патенти же жеке ишкердин каттоосу тууралуу күбөлүгү
  • иштеген тажрыйбасын тастыктоочу документтери

* натыйжалуу пайыздык чени:  20,74%

**Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды.  Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык  төлөө тартибин сунуштайт.

«Бай-Түшүм” Банкынын жакынкы кеңсесинин дарегин жана байланыш телефондорун Сиздер «Байланыштар » бөлүгүнөн таба аласыздар же (312) 905 805 телефону боюнча Банктын Call-центринен билсеңиз болот.