Агронасыялар

Агронасыяларды берүүнүн шарттары:

  • Насыянын валютасы: сом
  • Насыянын суммасы: 10 000 сомдон 20 000 000 сомго чейин
  • Пайыздык чени*: сом менен 24%дан баштап
  • Насыялоо мөөнөтү:  60 айга чейин
  • Төлөө графиги: аннуитеттүү, жекече
  • Камсыздоо:
  1. кыймылсыз мүлк
  2. аралаш (кыймыдуу + кыймылсыз мүлк)
  3. 250 000 сомго чейинки насыялар боюнча бир адамдын кепилдиги же кыймылдуу мүлктүн күрөөсү алдында берилиши мүмкүн.
  4. 300 000 сомго чейинки насыялар боюнча насыяны экинчи жолу алып жаткан кардарлар үчүн туруктуу кирешеси болгон эки адамдын кепилдиги алдында же кыймылдуу мүлк + туруктуу кирешеси болгон бир адамдын кепилдиги алдында берилиши мүмкүн.

Насыя алуучуга коюлуучу талаптар:

  • жер тилкесинин жана/же мал кармоо үчүн шартынын болушу
  • каржыланып жаткан тармакта 12 айдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу
  • жаш курагы:  18 жаштан  65 жашка чейин

 Негизги документтердин тизмеси:

  • насыя алуучунун жана анын жубайынын, эгерде күрөө берүүчү үчүнчү жак болсо анда күрөө берүүчүнүн  (болгон учурда) ж-а анын жубайынын паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • насыя алуучунун, күрөө берүүчүнүн (болгон учурда) үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү документтери
  • жекече ишкердин катталуусу жөнүндөгү күбөлүк же патент,  (насыянын суммасы 500 000 сомдон ашкан учурда)
  • жер тилкесинин бөлүнүп берилгендиги жөнүндөгү мам. акт же ижара боюнча келишим (жер иштетүү учурунда)
  • күрөөгө коюуга берилип жаткан кыймылсыз мүлктүн, транспорт каражатынын документтери (техпаспорт, укук берүүчү документтер, мам. каттоо кызматынан тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү маалым кат) (болгон учурда),
  • күрөөгө берилип жаткан кыймылдуу мүлктүн документтери (болгон учурда), күрөөгө берилип жаткан ТМЗ баяндамасы.

 Юридикалык жактар үчүн кошумча  документтер:

  • Юридикалык жактын катталуусу жөнүндөгү күбөлүк
  • Устав, учредителдик келишим
  • Бизнес план
  • Мам. салык инспекциясынан  жана Соц. фондон карыздуулугу жок экендиги жөнүндөгү маалым кат
  • Финансылык отчетуулук (Баланс, киреше ж-а чыгаша жөнүндөгү Отчет, акча каражатынын  жүгүртүүлөрү жөнүндөгү Отчет, СК өзгөрүүлөр жөнүндөгү Отчет).
  • Өкүлчүлүктүү уюмдун юридикалык жактын түзүлгөндүгү, жетекчинин дайындалышы, насыя алгандыгы жана күрөө берилгендиги жөнүндөгү чечими
  • Бизнес ээлеринин кепилдиги (51%дан кем эмес)
  • Кол коюуга укугу бар адамдардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан бекемделген карточкалары

Бизнес кардарлар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

* эффективдүү пайыздык чени: сом менен 26,75%дан баштап. ** Акыркы пайыздык чен өлчөмү жана төлөө графиги суралган суммага, насыянын мөөнөтүнө, кардардын төлөм жөндөмдүүлүгүнө, коюлган күрөөгө ж.б. жараша аныкталат. Сурооңуз боюнча Сиз сураган суммага жана жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга жараша  сатуулар боюнча адис Сизге төлөө графигин сунуш кылат.