«Мөөнөттүү» депозити: сактайт жана акча табат

«Мөөнөттүү» өз компаниясынын эркин акча каражаттарынын сакталып турушу жана көбөйтүлүшү жөнүндө кам көргөн юридикалык жактар үчүн депозит (анын ичинде жеке ишкерлер үчүн дагы).

Сиз – ушундай сарамжал жана алдын ала көрө билген жетекчилердин катарынансызбы? Сиз банктардагы депозиттер ченине кунт коюп көз салып турасызбы? Анда Сиз «Бай Тушум» банкы тарабынан иштеп чыгарылган атайын аманатты – пайыздары ай сайын чегерилүүчү «Мөөнөттүү» юридикалык жактар үчүн депозитти сөзсүз баалайсыз.

Албетте, депозитте каржылар анча деле тез өспөйт, бүтүмдөрдөгүдөй, бирок тобокелдиктери да жок болот, инфляциядан коргоосу дагы камсыздалган, жана мөөнөтүнөн мурун коротуп салуу азгырыгы жок болот.

Абдан көп суммаң болбосо дагы, милдеттүү төлөмдөрдөн жана чыгымдардан бош каржы каражаттарын рационалдуу колдонсо дагы болот. Мисалы, «Мөөнөттүү» аманатын ачуу үчүн болгону 50 миң сом же болбосо 1000 доллар (бул минималдуу сумма, албетте Сиз аны менен чектелбесеңиз да болот) гана керек болот. Депозиттин мөөнөттөрү ыңгайлуу, пайыздык чендери пайдалуу, пайыздарын төлөө – ай сайын.

Андан дагы, эгерде Сиз депозитке интернет-банкингди туташтыра турган болсоңуз, бул Сизге эсепти күнү-түнү, эс алууга кеткениңизден, министрликте жыйналышта отурганыңыздан же түшкү тамакка үйгө келгениңизден көз карандысыз башкарууга мүмкүндүк берет. Сиз эсептер боюнча калдыктарды карай аласыз, көчүрмө же төлөм тапшырмаларын түзүп, конверсиялык операцияларды жүргүзө аласыз (кызмат көрсөтүү тууралуу кененирээк бул жерден окууга болот).

«Бай Тушум» банкынан депозит менен топтоңуз жана акча табыңыз!

Мөөнөтү жана жылдык пайыздык чени:

Валютасы 1 ай 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай
KGS 3% 8% 9% 14%
USD 0% 0% 0% 3.5%
EUR


Депозиттин шарттары:

– аманатты ачуу үчүн минималдуу суммасы: 50 000 сом, 1 000 доллар;

– аманатты толуктоо караштырылган эмес;

– пайыздарын ай сайын төлөө;

– ыңгайлуу мөөнөттөр жана пайдалуу пайыздык чендер.

Кененирээк кеңеш алууну каалайсызбы? Биздин контакт-борборубузга 905 805 тел. боюнча чалыңыз же төмөндөгү депозиттик калькуляторду пайдаланыңыз.

3 000 000 (үч миллион) сомдон ашык суммадагы депозиттер боюнча пайыздык чендер банк тарабынан жекече аныкталышы мүмкүн.

 

Депозитти ачуу учурунда эмнени билүү зарыл?

 

2 миллион сомдон ашык суммадагы депозиттер боюнча пайыздык чендер банк тарабынан жекече аныкталышы мүмкүн.