ВТВ 24 Мобилдик банкинги

ВТВ-24 мобилдик банкинги: жеке жардамчынын жаңы форматы!

Өз эсебиңди уюлдук телефонуңдан мобилдик банкинг менен башкар

Мобилдик банкинг деген эмне жана Сизге дал ушул кызматка туташуу эмнеге абдан зарыл?

Бүгүн адам жана гаджеттер – ажыратылгыс нерселер. Биздин ар бирибиз үчүн мобилдик телефон, планшет, компьютер – бул жакындарыбыз менен баарлашуу дагы, көңүл ачуу дагы, күнүмдүк кам көрүүлөрүбүз дагы, жана, бул азыр таң калыштуу эмес, ишибиз дагы. Ушунун баары көп учурда көп сандаган ар түрдүү пландар, дедлайндар, жоопкерчиликтер жана бардык мүмкүн болгон күнүмдүк операциялар жана иш-аракеттер менен коштолушкан. Бакытка жараша, күн санап техника, тактап айтканда, ар түрдүү программалар жана тиркемелер, ушул милдеттерди аткарууну бизге жөнөкөйлөштүрүп турушат.

Мисалга, ошол эле мобилдик банкинг. Мобилдүүлүктүн өзү өз алдынча тез жылышууну түшүндүрүп турат (бул учурда, тапшырмадан чечилишке жана андан ары кийинки тапшырмага карай). Ал эми заманбар адамда мындай милдеттер – палоодогу күрүчтөр сымал. Бирок мобилдик банкинг тиркемеси дагы, аларды жаңгак чаккандай чыгарып турат. Мобилдик банкинг кызматы калк арасында тез популярдуу болуп бара жаткандыгы таң калыштуу эмес. «Бай Түшүм» банкы Сизге дагы ВТВ-24 мобилдик банкингинин колдонуучусу болууну сунуштайт!

Ошентип, Сиз мобилдик банкинг тиркемесин көчүрүп алуу менен эмнени жасай аласыз? Коммуналдык кызматтарга, Интернетке төлөйсүз, телефон балансын толтура аласыз (мында, кандайдыр-бир комиссияларсыз). Сиз банкта ачкан бардык эсептер боюнча акча түшүүлөрдү жана калдыктары карап тура аласыз. Бир эсептен башкасына акча которосуз (өздүк эсептер ортосунда сыяктуу эле, «Бай Түшүм» банкынын башка кардарларынын эсептерине дагы). Анын жардамы менен Сиз өз төлөп карталарыңызды, жада калса депозиттериңизди дагы толуктай аласыз. Зарыл болгон учурда Сиз бир валютаны башкасына жеңил конвертациялайсыз. Анын үстүнө, Сиз жада калса валюталардын алмашып турган курсуна да көз сала аласыз. ВТВ-24, банктын бөлүмдөрүнүн жана анын банкоматтарынын картасын көрсөтүү менен Сиздин айтып берүүчүңүз жана сапар көрсөткүчүңүз болуп калат. Жана акырында, ал жоголгон же уурдатылган учурда сиздин картаны – колдоо кызматына кайрылбастан блокировкалай алат. Ушунун баары күнү-түнү жана дем алыштарсыз!

Жаңы технологиялар адамдын жана банктын өз ара мамилелериндеги жаңы форматты айтып турат, кардар үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачышат. Жана ушул мүмкүндүктөрдү жеңил гана, кезектерге туруп, нервди коротуп чарчабай пайдаланса болот.

Сизге азыртан эле мобилдик банкингде катталууну каалоо пайда болдубу? Бирок эмне кылуу керектигин билбей жатасызбы? Туптуура үч кадам!

Кадам 1. Каалаган кеңседен келишим жасоо

Кадам 2. App Store же Google Play дүкөнүнөн тиркемени жүктөө

Кадам 3.  Келишимден кийин SMS  аркылуу келген – паролду териңиз. (Мобилдик банкинге киргенден кийин Сизге “Настройки” бөлүмүнө кирип, паролуңузду өзгөртүүнү милдетүү түрдө сунуштайбыз)

 

 

 

 

 

 

 

 

Эми банк Сиздин чөнтөгүңүздө

Суроолор пайда болсо биздин кесиптештерге кайрылыңыз! Биз 24 саат ичинде , майрам жана дем алыш күндөрү жеткиликтүүбүз. Байланышуу үчүн каналдар:

BTB-24 мобилдик банкингинин тарифтери жана лимиттери.

Дистанттык банкингге туташуу келишими (эл алдындагы оферта).

Төлөм карталарын пайдалануу эрежелери (эл алдындагы оферта)