Мөөнөтүн узартып сатып алуу

Бүгүн товарларды мөөнөтүн узартып сатып алуу – бул өз чыгымдарыңды рационалдуу пландаштыруу жана керектөөгө жоопкерчилик менен мамиле кылуу деп айтсак болот.

Анткени узакка кызмат кыла турган жана аларсыз жашоо татаал болуучу сапаттуу буюмдар көп учурда кымбат болот. Жана, качан үй-бүлөнүн бюджети «башынан аягына чейин» эсептелүү болгон, бирок пайдалуу жана кымбат буюмду сатып алуу зарылдыгы келип чыккан кырдаалда, «мөөнөтүн узартып төлөөгө насыя» жардамга келет. Эми мына Сиз эми көптөн бери күткөн буюмуңузду пайдалануудасыз, мында Сизге бүткүл сумманы чогуу төлөө зарыл эмес: Сиз бир жылдын ичинде теңдеш бөлүктөр менен, мисалга, башка артыкчылыктарды кысылтпастан төлөйсүз.

Товарларды кантип мөөнөтүн узартып төлөөгө алуу керек? Сөзсүз түрдө, дүкөндөн алса болот (бардык жакта эмес жана баарын эмес, албетте!). Бирок эгерде сөз көрүнүктүү буюмдар тууралуу болуп жатса, анда сатып алуу үчүн насыяны банкта тариздеткен жакшыраак.

«Бай Түшүм» банкынан товарды узартып төлөөгө сатып алууга карата насыяны жөнөкөй жана түшүнүктүү алууга болот: 200 миң сомго чейин эч кандай тоскоолдуктарсыз жана артыкбаш маалымкаттарсыз тариздетүүгө мүмкүн болот (насыяны берүү шарттарын кара). Ал эми көпчүлүк учурларда бул, узакка тыйынга тыйын кошуп топтоп, пайда алып келе турган нерсени азыр колдонуудан баш тартканга караганда бир топ эле пайдалуураак.

Төмөндө Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн банк аларга «мөөнөтүн узартып төлөөгө насыя» таркатыла турган товарлардын жана Сиз аларды сатып ала турган жерлердин (банктын көптөгөн жылдар бою сыналган өнөктөштөрү бар) тизмесин түзгөн.

Ошентип, «Бай Түшүмдөн» насыя боюнча мөөнөтүн узартып төлөөгө төмөнкү узакка колдонуу товарларын сатып алууга болот:

– эмерек, тиричилик техникасы: муздаткычтар, кир жуугуч машиналар, газ плиталары, кондиционерлер, телевизорлор;
– компьютер техникасы: компьютерлер, принтерлер, факстар, сканерлер, планшеттер;
– мобилдик түзүлүштөр;
– баргерчилик буюмдары: зергер буюмдары, кооздуктар, тондор (шубалар);
– туристтик сапарлар;
– агротехника;
– электрмототехникасы: самокаттар, скутерлер, велосипеддер, мотоциклдер;
– медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
– жана башка товарлар.

Насыя берүү шарттары:

  • Валютасы: сом;
  • Суммасы: 5 000 ден 250 000 сомго чейин;
  • Пайыздык чени*: сом менен – 29.9%
  • Баштапкы өздүк салым:
    • 150 000 сомго чейин товардын баасынан – 0%;
    • 150 001 сомдон жогору товардын баасынан – 20%.
  •  Камсыздоо:
    • 100 000 сомго чейин – алынып жаткан товар күрөөгө  коюлат;
    • 100 001 сомдон – 250 000 сомго чейин алынып жаткан товар күрөөгө  алынат жана туруктуу кирешеси тастыкталган 1 адамдын кепилдиги алдында берилет.
  • Насыя, сатуучунун жеке эсебине акча каражаттарды которуу жолу менен накталай эмес эсептешүү аркылуу берилет.

Биздин партнерлор (05.08.2019):

Насыя алуучуга коюлган талаптар:

  • жашы – 22 жаштан 65 жашка чейин
  • туруктуу кирешенин болушу
  • ишкердик иш-аракеттеринин тажрыйбасы/жалданган жумушчулар үчүн 3 айдан кем эмес иштеген стажынын болушу.

Биздин калькулятор Сизге, насыянын кааланган суммасына жана мөөнөтүнө жараша, мүмкүн болгон пайыздарды эсептөөгө жардам бере алат.

Кредитный калькулятор "Товары в рассрочку"

Выберите валюту
Field is required!
Field is required!
Сумма
Введите сумму от 5 000 до 250 000 сом
Введите сумму от 5 000 до 250 000 сом
Срок в месяцах
Field is required!
Field is required!

Кредит по заданным критериям не выдается

Процентная ставка 
0.0%
Field is required!
Field is required!
Ежемесячный платеж 
0 KGS
Field is required!
Field is required!
Общая сумма выплаты 
0 KGS
Field is required!
Field is required!
Сумма кредита в долларах
Field is required!
Field is required!
Срок кредита в месяцах
Field is required!
Field is required!
Ежемесячный платеж 0.0000 USD
Field is required!
Field is required!
Общая сумма выплаты 0 USD
Field is required!
Field is required!
Процентная ставка 0%
Field is required!
Field is required!
$0.00
Field is required!
Field is required!

Документтердин тизмеси:

  • насыя алуучунун паспортунун көчүрмөсү.
  • акыркы 12 айдагы кирешесинин өлчөмү тууралуу иштеген жеринен справка
  • үй-бүлөнүн кирешелеринин өлчөмдөрүн тастыктоочу башка документтери (керек болсо)

Ишкерлер үчүн кошумча документтер:

  • ЖИи күбөлүгүнүн/патентинин (андайы болсо) көчүрмөсү
  • кирешелерди түз же кыйыр тастыктоого жарактуу документтер (кассалык китеп боюнча жүгүртүүлөр, ички эсепке алуу боюнча жазуулар ж.у.с.)

«Бай-Түшүм” Банкынын жакынкы кеңсесинин дарегин жана байланыш телефондорун Сиздер «Байланыштар » бөлүгүнөн таба аласыздар же (312) 905 805 телефону боюнча Банктын Call-центринен билсеңиз болот.

Жеке жактар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

* эффективдүү пайыздык чени:  сом менен  39.78% дан жогору

**Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды. Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык  төлөө тартибин сунуштайт.

Банктын Өнөктөшү бол