Кредитная карта «Ырыс»

«Бай Түшүм» Банкынын «Ырыс» кредиттик картасы — күнүмдүк сатып алуулар, төлөмдөр жана башка жеке чыгымдар үчүн кошумча финансылык каражат. Белгиленген кредиттик лимиттин чегинде каражаттарды пайдаланып, сатып алууларды жүргүзүп, пайдаланылган сумманы 62 календардык күнгө чейинки жеңилдетилген мөөнөттө кайтаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз.

«Ырыс» кредиттик картасынын артыкчылыктары

  • 62 күнгө чейинки жеңилдетилген мөөнөт — карыз белгиленген мөөнөттө толугу менен төлөнгөн шартта кредиттик каражаттарды 0% менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
  • 300 000 сомго чейинки кредиттик лимит — жеке муктаждыктарыңыз үчүн кошумча финансылык каражат.
  • Ыңгайлуу төлөө — карта эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен карыз автоматтык түрдө төлөнөт.
  • Кредиттик лимитти өзгөртүү мүмкүнчүлүгү — кардардын арызынын негизинде кредиттик лимиттин өлчөмүн көбөйтүүгө же азайтууга болот.
  • Төлөм системасын тандоо — карта VISA, Элкарт жана UnionPay төлөм системаларынын негизинде жеткиликтүү.

Картаны кимдер тариздей алат?

«Ырыс» кредиттик картасын төмөнкү адамдар тариздей алышат:

  • эмгек акы долбоорлорунун катышуучулары;
  • туруктуу кирешеси бар жеке жактар;
  • жеке эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн адамдар;
  • жеке ишкерлер.

Негизги талаптар:

  • кредиттик лимит берилген учурдагы жаш курагы 21ден 65 жашка чейин болушу керек;
  • Кыргыз Республикасынын резиденти болушу керек;
  • туруктуу кирешеси болушу керек;
  • кеминде 3 айлык иш тажрыйбасы болушу керек.

Кандай документтер талап кылынат?

Кредиттик картаны тариздөө үчүн инсандыгын тастыктаган документти көрсөтүү зарыл. Зарыл болгон учурда Банк кошумча документтерди талап кылышы мүмкүн.

Жеңилдетилген мөөнөт кандай иштейт?

«Ырыс» картасы боюнча 62 календардык күнгө чейинки жеңилдетилген мөөнөт каралган. Бул мөөнөттүн ичинде кредиттик каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздар эсептелбейт, эгерде карыз белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин толугу менен төлөнсө.

Эгер карыз белгиленген мөөнөттө толугу менен төлөнбөсө, анда пайдаланылган кредиттик каражаттардын суммасына алар пайдаланылган күндөн кийинки күндөн тартып, пайдалануунун бүткүл мезгили үчүн пайыздар эсептелет.

Ошондой эле негизги карыздын калдыгынын 5% өлчөмүндө, бирок 300 сомдон кем эмес милдеттүү ай сайынкы төлөм каралган.

Карызды кантип төлөөгө болот?

Кредиттик карта боюнча карызды төлөө карта эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Жеңилдетилген мөөнөттү сактоо үчүн карызды белгиленген мөөнөттө толугу менен төлөө зарыл. Эгер милдеттүү төлөм гана жүргүзүлсө, кредиттөө шарттарына ылайык пайыздар эсептелет.

«Ырыс» кредиттик картасы — пландарыңызды ишке ашырууга жана күнүмдүк чыгымдарыңызды башкарууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк!