«Фермерге жардам» насыясы

«Фермерге жардам» насыясы: реалдуу жардам

Фермерлерге колдоо көрсөтүү эмнеде туюнтулушу мүмкүн? Жеңилдик берилген насыяны берүүдө!

Айыл чарбачылыгында убакыт – акча. Жана өз маалынлда себүү, жемди. жабдууларды сатып алуу абдан маанилүү. Бирок, көп учурда болгондой, дал ушул мүнөттө бош каражаттар жок. Ишти дагы кийинкиге калтырууга болбойт. Муну менен аграрийлердеги кыйынчылыктар бүтүп калбайт: мына пияз айдап өстүрөсүң же койдун башын бир топ көбөйтөсүң, анан анын баарын кайда кетиресиң? Сатуунун жөнгө салынган каналдары бар болсо жакшы, ал эми форс-мажордон улам алар иштебей кала турган болсочу (чек ара жабылып калсачы, азыркы 2020-жылдагыдай, мисалы)?

«Бай-Түшүм» банкы дыйкандарга колдоо көрсөтүүнүн өздүк программасына ээ, анын ичинде жаңы баштоочуларга дагы – бул өсүмдүк өстүрүүнү, сүт жана эт өндүрүшүн өнүктүрүүгө карата атайын жеңилдик берилген насыя. Финансылардан тышкары бул контракт өстүрүлгөн түшүмүн же продукциясын пайдалуу баада кепилденген сатууну камсыздайт.

Ушул долбоордун алкактарында каржылоо алуу банктын өнөктөштөрүнүн ичинен кайра иштетип чыгаруучу завод менен макулдашууларды түзүүнү караштырат (Сиз үчүн ыңгайлуу болсун деп банк төмөндө өнөктөштөрдүн тизмесин келтирет). Ал эми өнөктөштүк макулдашуулардын бар болушу насыяны бөлүктөр менен алууга мүмкүндүк берет, бул төлөнгөн пайыздардын өлчөмүн олуттуу төмөндөтөт.

Бирок бул «Бай-Түшүм» банкында тариздетилген насыянын бардык эле артыкчылыктары эмес! Максимум эки күндүн ичинде Сиз зарыл каражаттарды аласыз, алардын ичинен негизги суммасын түшүмдү же продукцияны заводго тапшыруудан кийин гана төлөө керек болот. Анын үстүнө, сүрөө коюунун дагы кереги жок, 150 миң сомго чейинки насыялар боюнча кепилдик жеткиликтүү болот, андан тышкары, завод менен түзүлгөн контракт дал ушул күрөө болуп саналат. Толук жана жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурун төлөө учурунда комиссия төлөөнүн кереги жок. Насыянын өзүн Сизге жеке сыяктуу эле, топко дагы тариздетүүгө болот.

«Фермерге жардам» насыясы – сөз менен эмес, иш жүзүндөгү жардам!  Өзүңүз текшерип көрүңүз!

Кошумча нарк чынжырчасын каржылоо боюнча Банк төмөндөгү ишканалар менен кызматташууну баштады:

Өндүрүлгөн түшүмдү (жашылча, жер-жемиштер) берүү боюнча:

  1. “Каинды-кант” ААК
  2. “Кошой” ААК
  3. “ЭлДан Аталык” ЖАК
  4. “Интерфрукт” ЖЧК

Сүт/эт берүү боюнча:

  1. “Талас-Сут” ЖАК
  2. “Озон-Ата” ЖЧК
  3. ЖИ Акматова
  4. “Ак-Тилек” ЖЧК
  5. “Адал-Азык” ЖЧК (Тойбос)
  6. “Ак-Булак плюс” ЖЧК
  7. “Ак-Жалга” ААК

 “Бай-Түшүм” Банкынан насыя алуунун артыкчылыгы:

  • Насыяны 1-2 күндүн ичинде берүү
  • Насыя боюнча күрөөнүүн 1 түрү катары аталган заводдордун бири менен түзүлгөн келишим эсептелет
  • Насыянын негизги суммасын өндөрүлгөн түшүмдү/азыкты заводго өткөргөндөн кийин төлөө
  • Насыяны мөөнөтүнөн мурда толук же/бөлүп төлөөдө комиссия кармалбайт
  • Насыяны жекече да, топтук негизде да каттоонун мүмкүнчүлүгү
  • Күрөөсүз (150 миң сомго чейинки насыялар боюнча кепилдик талап кылынат)

  Каржылоонун шарттары:

  • Насыянын суммасы: 10 000 сомдон баштап
  • Насыялоонун мөөнөтү: 1 айыл чарба мезгилине, 3 айдан 24 айга чейин
  • Насыя алуучунун жаш курагы: 18ден 65 жашка чейин
  • Тажрыйбасынын болушу: өсүмдүк өстүрүүчүлүктө/мал чарбасында 1 жылдан кем эмес
  • Оң бааланган насыялык тарыхы (насыялоодо тажрыйбасы болгон учурда)
  • Аталган заводдордун  бири менен түзүлгөн, кол коюлган келишим

Эгерде сиз өнөктөштөрүбүздүн айыл чарба өсүмдүктөрүн же сүт азыктарын жеткирүүчү болсоңуз, анда жеңилдетилген тариф боюнча насыя ала аласыз.

Насыя алуу үчүн “Бай Түшүм” Банкынын кеңселерине кайрылыңыз

Жеке кардарлар үчүн насыялардын пайыздык чендери, тарифтер жана комиссиялар

схема сельхоз кырг