Билим алуу насыясы
Жеке насыялар ЖОЖдордо, колледждерде, менчик мектептерде жана лицейлерде билим алуу үчүн контракттарды төлөөгө багытталган. Акчаны билим берүү мекемесинин учурдагы эсебине которуу жолу менен берилет. Кардардын жашаган/окуган/иштеген жерине Банк адистеринин барып келиши талап кылынбайт. Студенттин/окуучунун ата-энесинин/камкорчусунун бири менен сүрөткө түшүп, KIVA веб-сайтына маалыма берүү үчүн дооматтардан баш тартуу жөнүндөгү формага кол коюу милдеттүү шарт болуп саналат.
KIVA линиясы боюнча насыяларды берүү шарттары:
- Валюта: сом;
- Сумма: 10 000 сомдон 300 000 сомго чейин
- Пайыздык чени: 29,9%
- Насыянын мөөнөтү: 24 айдан 72 айга чейин
- Комиссия: жок
Төлөө графиги:
- Жеке график (насыянын негизги карызын төлөөгө 2 жылга чейинки жеңилдетүү берилет)
- Аннуитет
Насыя алуучуга коюлган талаптар:
- Талапкердин жашы – 18 жаштан 65 жашка чейин
- Насыялык тарыхы “орточо” дон төмөн эмес
- Талапкер катары ата-энеси, жакын туугандары же камкорчусу болушу мүмкүн
- Эгерде тастыкталган туруктуу кирешеси бар болсо, студент талапкер боло алат
Негизги документтердин тизмеси:
- Насыя алуучунун жана жубайынын, кепилдердин, күрөө берүүчүнүн жана жубайынын паспортторунун көчүрмөсү (эгер күрөө берүүчү үчүнчү жак болсо)
- Кол коюлган окуу келишими
- Насыя алуучунун, кепилдин (жана үчүнчү жак болсо, күрөө берүүчүнүн) үй-бүлөлүк абалы жөнүндө документтер
- Арыз ээсинин, кепилдин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелерин кыйыр түрдө же түздөн-түз тастыктаган документтер (кассалык жүгүртмө, ички бухгалтердик эсеп, эмгек акы жөнүндө маалымкат, пенсиялык китепченин көчүрмөсү ж.б.).
- Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлккө документтер (каттоо күбөлүгү, укук белгилөөчү документтер, Мамреестрден тыюу салынбагандыгы жөнүндө маалымкат)
- Насыя боюнча чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон башка документтер.
Насыянын кошумча шарттары:
- Насыяга алуу арызында окууну аяктоо үчүн талап кылынган сумманын бардыгы көрсөтүлүшү керек
- Толук окуу мезгилине төлөнгөн бардык суммалар KIVA сайтына жайгаштырылат
- Ар-бир транш, окуу жайдын окуусун улантуу жөнүндө тастыктама берилгенден кийин берилет
Жеке жактар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары
Эффективдүү пайыздык чен*: сом менен 21.99% дан