Green Drive автонасыясы
Банкыбыз менен бирге экологиялык жактан таза транспортту пайдалуу шарттарда сатып алыңыз. Бул насыя ESG мамилесинин алкагында иштелип чыгып, туруктуу мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга жана заманбап «жашыл» технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Насыя кандай максаттар үчүн берилет?
• Электромобилдерди сатып алуу
• Гибриддик автоунааларды сатып алуу
• Газ менен жүрүүчү автоунааларды сатып алуу
• Электромотоциклдерди сатып алуу
Негизги шарттар:
• Кредиттин суммасы: 100 000 сомдон 3 000 000 сомго чейин
• Кредиттөө мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин
• Пайыздык чен: жылдык 17%дан баштап
• Төлөө графиги: аннуитеттик же жеке график боюнча
• Камсыздоо: сатып алынуучу транспорт каражаты
• Алгачкы төлөм: 10%дан жогору
Карыз алуучуга коюлуучу талаптар:
• Жаш курагы: 21 жаштан 65 жашка чейин
• Үзгүлтүксүз эмгек стажы: кеминде 3 ай
• Жеке ишкерлер үчүн – ишмердүүлүк мөөнөтү кеминде 3 ай
Керектүү документтер:
• Карыз алуучунун жана анын жубайынын, кепилдин жана анын жубайынын (зарыл болгон учурда) паспортторунун көчүрмөлөрү;
• Үй-бүлөлүк абалды тастыктаган документтер;
• Эмгек акы тууралуу маалымкат / КР Социалдык фондунан көчүрмө, Банктагы эсеп же карта боюнча акыркы 3–12 айдагы көчүрмө (үзгүлтүксүз иш стажы кеминде 3 ай болгон учурда), же ишкердик ишмердүүлүк боюнча кеминде 3 айлык тажрыйбаны тастыктаган документтер;
• Үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелеринин өлчөмүн тастыктаган документтер (зарыл болгон учурда);
• Күрөөгө коюлуучу мүлккө тиешелүү документтер.
Сом менен берилген насыя боюнча жылдык натыйжалуу пайыздык чен – 24,07%.

