«Бай -Түшүм» Интернет-банкинг кызматын ишке киргизди

10.07.2013

Эми “Бай Түшүм” банкынын кардарлары “Мобилдик банкингти” колдоно алышат, бул онлайн кызмат аркылуу эсептерди башкарууга болот.

“Биз кардарларыбызга банктык эсепти интернет аркылуу жүргүзүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайбыз.
Кардар өз эсептерин карап кана койбостон, акча которууларды, насыяларды жана ар түрдүү кызматтарды үйдөн чыкпай ылдам төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду” – деп белгилейт банктын генералдык менеджери Гульнара Шамшиева.

Ылдам төлөө, акча каражаттарынын башкаруу коопсуздугу, банктын иштөө убактысынан көз карандысыздыгы мобилдик банкингтин башкы артыкчылыктары катары эсептелет. Интернет банкингтин кошулушу SSL технологиясы менен коштолот, бул технология аркылуу кардардын жеке маалыматтары корголот.

Интернет-банкинг системасынын кошууга “Бай Түшүм” банкынын филиалдарына интернет банкингти колдонууга кардар арызы менен кайрылышы керек. Кызматы кошуу жана паролу жана логини бар пин конверти берүү акысыз.

“Бай Түшүм” банкы жөнүндө

Банк 2000 -жылы ACDI/VOCA америкалык эл аралык өнүгү уюму менен түзүлгөн. 2012-жылда “Бай Түшүм” Борбор Азиядагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тоолук банктык ишмердүүлүк кылууга лицензия алган биринчи микрофинансылык компания болду.
13 жыл ичинде Кыргыз Республикасындагы ири финансылык уюмдун бири боло алды, жалпы активдеринин саны 122 миллион АКШ долларын түзгөн.
Бүгүнкү күндө “Бай Түшүм” банкы 30 миң кардарды тейлейт жана Кыргыз өлкөсүндөгү алты ири банктын катарына кирет.