«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы «Золотая корона» акча которуулар системасын ишке киргизди туташты

02.05.2013

 

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы «Золотая корона» акча которуулар системасын ишке киргизди. Банктын кардарлары Россиянын каалаган точкасына жана жакынкы чет өлкөлөргө, Банктан эсеп ачпастан, акча которууларды жүргүзө алышат.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкы ЖАКдан «Золотая корона» боюнча биринчи акча которуу Россияга жөнөтүлдү. Бүтүндөй Кыргызстан боюнча жайгашкан, Банктын баардык 45 кеңсесинен, рублдердеги, АКШ долларлары же евро менен «Золотая корона» акча которууларын жөнөтө алышат же ала алышат.

«2012-жыл үчүн РФ ББнын маалыматтары боюнча, Россиядан жеке которуулардын көлөмү боюнча Кыргызстан төртүнчү орунду ээлейт, жана албетте, биз ушул өлкөдө өнөктөштүк торду өнүктүрүүгө умтулабыз, – деп белгиледи, “Золотая Корона – Акча которуулар” сервисинин директорунун орун басары Олеся Федорова. – «Бай-Түшүм жана Партнерлор» сыяктуу ири Банк менен өнөктөшүү, Кыргыз Республикасынын негизги шаарларында жана аймактарында тордун пункттарынын санын жогорулатууга мүмкүндүк берет, андыктан бул пайдалануучулар үчүн акча которуулар кызматын жеткиликтүү жана ыңгайлууурак кылат дегенди билдирет».

Банктын кеңселеринде «Золотая корона» акча которууларына карата жаңы тарифтер иштейт. Россияга 100 миң руб./$2500/2000 EUR которуу жөнөтүү учурунда комиссия 1% түзөт; которуунун суммасы 100 миң рублден жогору болсо – 1000 руб. ($25, 20 EUR); КМШ өлкөлөрүнө которууларга – 1,5% катталган (фиксирленген) тариф түзүлдү.

Маалымат үчүн:

«Золотая Корона – Акча которуулар» – Финансылык Технологиялар Борборунун Компанияларынын Тобуна кирет. Сервис, мурдагы советтер союз мейкиндигинин баарында акча которуу кызматтарын көрсөтөт жана Абхазия, Азербайжан, Беларусь Республикасы, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова Республикасы, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина сыяктуу өлкөлөрдө жайгашкан, 40 миң тейлөө пункттарындагы инфраструктурасына ээ. Толук маалымат: www.perevod-korona.com сайтында жана Facebook тобунда.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МикрофинансыБанкы ЖАК Кыргыз Республикасынын рыногунда ийгиликтүү иш аркеттеринин жүргүзүп келген 12 жылдан ашык тажрыйбага ээ. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 13 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, жеткиликтүү каржылоо жана банктык продукттардын жана кызматтардын толук спектрин, ошондой эле стабилдүү өсүшүн камсыз кылуу максатында инновациялык финансылык чечимдерге жетүүнү берүү аркылуу 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.