“Кыялдан. Сакта. Орунда” республикалык балдар сүрөт конкурсунун I-ЭТАБЫ жыйынтыкталды

11.04.2019

Кымбатуу достор, кече 10-апрелде саат 18-00 республикалык балдар “Кыялдан. Сакта. Орунда” сүрөт сынагынын I-ЭТАБЫ жыйынтыкталды, бул сынак (Global Money Week-2019 г) дүйнөлүк акча жумалыгына байланыштуу өткөрүлгөн.

Рахмат активдүү катышып бергендериңиздерге, биз көптөгөн татыктуу иштерди алдык.

Сынакка жалпысынан 546 иш өлкөнүн ар кайсы аймагынан келип түшкөн

  • Биринчи категория 7-10 жаш –  126 сүрөт
  • Экинчи категория11-14 жаш- 338 сүрөт
  • Үчүнчү категория 15 17 жаш – 82  сүрөт

Банктын сайтына жайгаштырылган сынактын шарттарына ылайык  https://gmw.baitushum.kg/?page_id=2,  биринчи этапта онлайн добуш берүү аркылуу ар бир категория боюнча 50 эң мыкты сүрөт тандалат. Бүгүн өз жумушун сынактын беш адамдан турган комиссиясы өз ишин баштайт, ар бир категориядан үч жеңүчүүнү тандайт.

Комиссия иштерди төмөнкү критериялар менен баалайт:

  • чыгармачылык ишмердиги,
  • ойдун ориганалдуулугу,
  • теманын өзгөчөлүгү,
  • түстүү гаммасы

Жыйынтыктар gmw.baitushum.kg , www.baitushum.kg сайтарында жана “Бай Түшүм” банкынын социалдык тармактарындагы баракчаларында 2019 жылдын 15 апрелинде жарыяланат.