СМС билдирүү боюнча жаңы тейлөө ишке берилди

26.07.2017

 СМС  билдирүү боюнча жаңы тейлөө ишке берилди

Урматтуу кардарлар, 24-июлдан баштап,  Сиздерге ыңгайлуулук тартуулоо үчүн биз – СМС БИЛДИРҮҮ, акысыз тейлөө ЖАҢЫ кызматын ишке киргиздик!

Мындан ары, Банктагы Сиздин эсептериңиз боюнча бардык жүгүртүүлөр менен катар эле эсептешүү жана депозиттик эсептериңизди толуктоо, карталар боюнча жүргүзүлгөн операциялар, акча которуулар, конвертациялар жана банктын башка да операциялары боюнча Сиз өзүңүздүн мобилдүү телефонуңузга СМС билдирүүлөрдү алып турасыз.

Эгерде Сиз СМС билдирүүлөрдү алып туруу үчүн арыз жаза элек болсоңуз, анда биздин офистерибиздин бирине кайрылыңыз.

Сиз менен биздин офистерибиздин биринен көрүшүп турууга дайыма куштарбыз.

Бардык суроолор боюнча биздин байланыш борборуна чалыңыздыр: 0312 905 805.