Зарыл төлөмдөрдү 28-декабрга чейин жүргүзүүнү мерчемдеп алыңыздар

20.12.2017

Урматтуу кардарлар, Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз.  Жаңы 2018-жыл Сизге жана Сиздин жакындарыңызга бекем ден-соолук, көп-көп кубанычтарды жана Сиздин бизнесиңизге албан-албан ийгиликтерди алып келишин каалайбыз!

«Бай Түшүм» Банкы Жаңы жыл алдындагы күндөрдө Банктын бардык офистери 30-декабрда ишемби күнү саат 12:00гө чейин иштей тургандыктарын маалымдайт. Ушуну менен бирге бардык зарыл төлөмдөрдү жүргүзүүнү 28-декабрга чейин мерчемдеп алууңуздарды өтүнөбүз.

Биздин бардык кеңселерибизден Сиздер менен көрүшүүгө дайыма куштарбыз, түшүнүксүз суроолор жаралган учурда бизге:  905 805 телефону боюнча чалыңыздар.

Рубрикадагы басылмалар: Жаңылыктар

Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!