«Бай Түшүм» Банкы Агро-Экспо «Жибек жолу 2014» Эл аралык Онунчу көргөзмө-жарманкесине катышты

27.02.2014

2014-жылдын 26-28-февраль күндөрү Банк Агро-Экспо «Жибек жолу 2014» Эл аралык Онунчу көргөзмө-жарманкесине катышты. Көргөзмө-жарманкени салт болуп калгандай «Жер Азыгы»- Кыргызстандын Агробизнесмендеринин Ассоциациясы Ош шаарында уюштурган. Иш-чарага Кыргызстандын, Голландиянын, АКШнын, Индиянын ж.б. мамлекеттердин айыл чарбасынын ар кыл тармагынын жана кайрадан иштетүүчү өнөр жайынын 30дан ашуун компаниялары жана жеке ишкерлери-өкүлдөрү катышышты. Быйылкы жылы жарманкенин катышуучуларынын саны Финляндиянын, Түштүк Кореянын, Испаниянын, Италиянын ж.б. өлкөлөрдөн келишкен жаңы компаниялар менен толукталды.

«Жибек Жолу» Агро-Экспо эл аралык көргөзмө-жарманкесин Ош облусунда өткөрүү жакшы салтка айланып калды, ал рынок жана өнөр жай менен катар эле айыл чарбасынын өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу. Банк көргөзмөгө катышуу алкагында калк үчүн «Фермерлер үчүн пайдалуу каржылоо» техникалык семинарын өткөрдү. Семинарда каржылоону алуунун шарттары, айыл чарба жана башка техникаларды лизингке алуунун жана теплицаларды куруунун шарттары, депозиттерди жайгаштыруунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө угуучуларга маалымат берилди.

«Жер Азыгы» Кыргызстандын Агробизнесмендеринин Ассоциациясынын аткаруучу директору Азиза Юлдашева: «Бай Түшүм» Банкы менен биз көп жылдардан бери кызматташып келе жатабыз. Фермерге жер семирткич, урук жана башка өндүрүш муктаждыктары керек болуп, бирок ага акча каржаты жетишпей турган учурда, ЖАК «Бай Түшүм» Банкы дайыма жардамга келет. Фермерлерге зарыл болгон каржылоону Банктын сунуш кылышы, алардын бизнесинин өнүгүшү үчүн бекем колдоо болуп эсептелет»,-деп белгиледи.

«Жер Азыгы» Кыргызстандын Агробизнесмендеринин Ассоциациясы 2002-жылы түзүлгөн коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. Ал Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы үчүн өндүрүүчүлөрдүн жана өндүрүш жабдууларын берүүчүлөрдүн жана таратуучулардын ишин координациялайт жана бириктирет.