Эң сонун жаңылык! «Мобильник» ЖЧКсы менен маалыматтарды алмашуу процесси калыбына келтирилди. «Мобильник Акча» капчыктарынын ээлери эсептеги калдыктарын «Бай Түшүм» банкындагы эсепке которо алышат.

11.02.2019

Азыркы учурда «Мобильник» ЖЧКсы менен маалыматтарды алмашуу процесси калыбына келтирилгендигин билдиребиз.

«Мобильник Акча» капчыктарынын Идентификацияланган ээлери «Бай Түшүм» банкындагы эсепке же карточкалык эсепке акча каражатын которууларды жүргүзө алышат. Андан кийин банктын жакын арада жайгашкан кеңселеринин бирине барып, эсептен акча каражатын алууга же банкоматтардын биринен карточкадан накталайга алмаштырып алууга болот.

Эгерде «Мобильник Акча» капчыгынын ээси Идентификацияланган эмес пайдалануучу болсо, анда мындай кардарларга «Бай Түшүм» банкынын http://www.baitushum.kg/ru/branches/ кеңселеринин бирине паспорту менен келип, идентификация жүргүзүүнү жана акча каражаттарын эсепке же карточкалык эсепке которуп алууларын суранабыз.