«Бай Түшүм» банкынан Visa Classic картасына онлайн тапшырыгы: ыңгайлуу жана акысыз

28.05.2019

«Бай Түшүм» банкынын VISA Classic жана VISA GOLD карталарына эми кеңседен же үйдөн эле тапшырык берүүгө болот. Бардыгына бар болгону 10 мүнөт убакыт коротушуңуз мүмкүн, ал эми картаны беш күндүн ичинде жеткирип беришет. Эгерде карта Сизге тез аранын ичинде керек болсо, анда картаны эки күндүн ичинде чыгарып жана жеткирип беришет.

«Картага тапшырык берүү тейлөөсү азырынча Бишкек шаарында эле жеткиликтүү болууда. Бирок убакытка жараша биз анын географиясын бүткүл өлкөбүз боюнча кеңейтүүнү мерчемдеп жатабыз», – деп белгиледи маркетинг жана PR бөлүмүнүн башчысы Евгения Шатунова.  

А мен бул тармактын чындыгында эле иштеп жаткандыгын текшерип көрүүнү чечтим. Анын үстүнө менин Бишкектик каттоом жок, мен борбордон тышкары жашайм. Ошентип, «Бай Түшүм» банкынын башкы сайтына киребиз. Оң жактагы жогорку бурчта кызыл-сары блок жана «Заказать карту Visa»/«Visa картасына тапшырык» жазуусу көзгө урунат. Мына мага ушул керек. Экранга кол учун тийгизүү менен керектүү баракчага туш болосуң.

Бул жерде баары көрсөтүлгөн: мен кандай картага арыз берсем болот жана тез арадагы каттоо жана жеткирүүнүн баасы канча болоору көрсөтүлгөн. Кадимки тартипте карта беш күндүн ичинде даярдала тургандыгы да эскертилген. Ал эми жеткирип берүүнүн баасы 100 сом турат. Картаны эки күндүн ичинде даярдап жана жеткирип берүүнүн баасы 500 сом экендиги көрсөтүлгөн.

Эгерде картаны банктын өзүңүзгө жакын жайгашкан кеңсесине жеткирип берүүгө тапшырык берген болсоңуз, анда ал акысыз болмокчу.

Мындан тышкары карталарды тейлөө боюнча тарифтерге да шилтемелер көрсөтүлгөн. Бул абдан пайдалуу. Менин картага тапшырык берүү тажрыйбам бар. Ошол учурда мен картаны тейлөөлөрдүн тарифин өзүнчө издеген болчумун. Ушул себептен улам, мындай мүмкүнчүлүк  жашоону абдан жеңилдетет жана ыңгайлуулук тартуулайт.

Андан ары кичинекей анкетаны толтурабыз, байланыш маалыматтарыбызды көрсөтүп, андагы суроолорго жооп беребиз. Мындан соң «Отправить»/«Жөнөтүү» кнопкасын басып койобуз. Мага арыздын кабыл алынгандыгы жана жакынкы арада адис мени менен байланышка чыгаарын билдиришет.

Дагы бир кошумча, VISA GOLD картасынын ээлери үчүн «Бай Түшүм» банкы жагымдуу бонустарды да карап чыккан. Сатып алуулар жана тейлөөлөр үчүн POS-терминалдарда жана интернет-дүкөндөрдө төлөмдөрдү жүргүзгөн учурда  банк ар бир транзакциядан 1 пайыз кешбэк түрүндө кайтарып берет.

Эсепке түшүп жаткан бардык чегерүүлөргө жана төлөмдөргө мобилдик же интернет-банкингдин жардамы менен көз салууга болот. Бул жабдууларды пайдалануу толук акысыз, демек картадагы акча каражатынын айлануусун ар дайым көзөмөлдөп турууга болот.

Маалымат берилген булак https://24.kg/biznes_info/118834_zakaz_kartyi_Visa_Classic_otbay_tushuma_onlayn_byistro_udobno_ibesplatno/